Америкалык SpaceX компаниясы космоско 1 млн спутник учурат

Дүйнө
Америкалык SpaceX компаниясы космоско 1 млн спутник учурат
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. АКШнын Федералдык байланыш комиссиясы (FCC) SpaceX компаниясына орбиталык маалымат борборлорунун тармагын түзүү үчүн космоско 1 миллион спутник чыгарууга уруксат бергенин эл аралык маалымат каражаттары билдиришүүдө.

Спутниктик Starmind топ жылдызы жасалма интеллектке улам өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу жана жерде колдонуу үчүн чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүү максатында орбиталык эсептөө инфраструктурасын түзүү үчүн иштелип чыккан.

Федералдык байланыш комиссиясы Starmind топ жылдызын жайгаштыруу мөөнөтүн жана болжолдуу баасын ачыктаган эмес.

SpaceX - америкалык аэрокосмостук корпорация, космостук техникаларды өндүрүүчү катары белгилүү. Компания Falcon 1, Falcon 9, Falcon Heavy жана Starship ракета алып жүрүүчүлөрүн иштеп чыккан. Ошондой эле космостук техникалардын катарында жүктөрдү жана адамдарды Жердин төмөнкү орбитасына жеткирүүчү Dragon жана Dragon 2 космос кемелери бар.

Мындан сырткары, SpaceX бүткүл планетаны жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыз кылуу үчүн Starlink программасын ишке ашырып келет.