Сыноодон өткөн 35 жыл: Кыргызстан мамлекетти бекемдөө мезгилин баштан өткөрүүдө

Аналитика 11 сентябрь 2026 18:00
Сыноодон өткөн 35 жыл: Кыргызстан мамлекетти бекемдөө мезгилин баштан өткөрүүдө
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында белгиленген иштер президент Садыр Жапаровдун көзөмөлү менен ыкчам ишке ашырылууда. Ал эми бүгүнкү ачылып жаткан социалдык имараттар жана өндүрүштүк обьекттер, өкмөттүн каражатты туура пайдаланып, элге жумшап жатканынан кабар берет. Өлкө эгемендигинин 35 жылдык мааракесин утурлай болуп жаткан окуяларды мамлекеттик ишмерлер жана экономисттер дал ушундай баалап жатышат. Чындыгында акыркы үч жылдан бери ишке берилип жаткан мектеп, бала бакча сымал социалдык обьекттердин саны жүздөн ылдыйлай элек. Бул Эгемендик күнүнүн эң мыкты салтына айланды.

Эгемендик күнү биздин өлкөнүн эң башкы жана маанилүү күнү. Дээрлик 35 жыл мурун Советтер союзунун курамындагы Кыргыз ССРи Кыргыз Республикасы болуп өзгөрүп, Кызыл туусун көтөргөн. Бул туу бүгүн 35 жылдык мааракелик азем менен салтанаттуу түрдө Талас шаарында көтөрүлдү. Анын азыр желбиреп турушу үчүн ата-бабаларыбыз мээнет төгүп, далай доорлордон, оош-кыйыш кырдаалдардан өттү. Биздин милдет бабалардан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү. Бул милдет президент Садыр Жапаров белгилегендей, биздин бүгүнкү ишибизге, тынымсыз аракетибизге байланыштуу. Мамлекет башчы өз сөзүндө эгемендик жылдарынын сыноолорунун сабактары, жасалып жаткан иштерге калыс баа берүү, мамлекетке кол кабыш кылуу менен күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми акыркы жылдары өлкө аймактарынын баарында, анын ичинде бүгүнкү майрамдын уюштуруучусу Таласта аткарылып жаткан иштер региондорду өнүктүрүүгө жасалган кадамдардын бири.

"Элибиздин турмушун жеңилдетүүгө, жакшыртууга багытталган мындай өзгөрүүлөр жети дубаныбызда тең, тынымсыз уланууда жана мындан ары да уланууга тийиш", - деди президент Садыр Жапаров.

Акыркы жылдары бардыгыбыз байкап жаткандай Эгемендик күнүнүн эң мыкты салты пайда болду. Майрам расмий куттуктоолор, шоу-концерттер жана элдик шаан-шөкөт менен эле чектелбестен, жүздөн ашык социалдык жана өндүрүштүк обьекттердин ачылышы менен коштолууда. Кыргызстандын булуң-бурчундагы эл өзүнүн шаарында же айылында жаңы мектептердин, бала бакчалардын, медициналык мекемелердин жана ишканалардын ачылышын өз көзү менен көрүп жатышат. Мындан беш-алты жыл мурун бир мектептин ачылышы чоң майрам болуп, президент өзү барган убактар болгон. Азыр бул милдет аймактык жетекчилерге өттү. Жаңы объектилердин саны көбөйгөндүктөн, алардын ачылышы өзгөчө окуядан кадимки көрүнүшкө айланды.

2024-жылдан берки Эгемендик күндөрү 500гө жакын обьект ачылды. Анын ичинен социалдык обьекттердин саны 3 жылдан бери жүздөн ылдыйлай элек. Бүгүн жалпысынан Кыргызстан боюнча дээрлик 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук обьект, 9 медициналык мекеме, 9 маданий мекеме, 11 административдик имарат жана дагы 2 обьект ишке берилди. Арасында алыскы Баткендеги жаңы автовокзал, Сүлүктүдөгү муниципалдык "Белес-Резорт" туристтик комплекси, Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы "Буранов" паркы, Ноокаттын Жаңы-Базар айылындагы 40 орундуу оорукана жана Кара-Мык айылындагы маданият үйү бар. Ал эми Ысык-Көлдө өрт өчүрүү кызматынын эки обьектиси иштей баштады.

Булардын артында экономиканын кеңейгени жана Кыргызстандын кирешесинин көбөйгөнү турат. ИДПнын өсүү темпи 10 пайыздан түшө элек. Инвестициялар өндүрүшкө, кызматка айланып жатат.

Калктын саны өсүп, эски имараттар жаңы шарттарга жооп бербей, талап улам жогорулап жаткан маалда өкмөттүн социалдык жана өндүрүштүк объекттерди жигердүү куруп, акчаны элге туура сарптап жатканы айкын көрүнүш. Мындай пикирин экономист Нургүл Акимова “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Ал Кыргызстандын аймактары тоолуу жана катаал шарттарга, экономикалык кырдаалдарга карабай алдыга жыла берүүсү керектигин айтат.

"2030-жылга чейинки стратегия иштелип чыккан. Анда белгиленген иштердин баары жүзөгө ашырылып жатат. Президент баш болуп көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгарып жатышат деп ойлойм. Өкмөт акчаны туура колдонуп, элге сарптап жатканы жакшы деп ойлойм. Социалдык обьекттер албетте экономикага кыйыр гана таасири бар. Алар адамдык капиталга иштейт. Негизинен элдин бакубаттуулугу, билими, ден соолугу, коопсуздугу, ыңгайлуу жашоосу үчүн маанилүү. Мында социалдык имараттар менен камсыздоо мамлекеттин милдети. Өкмөттүн бул иштерди кылганы жакшы, анткени, элдин саны өсүүдө, имараттар эскирип керектен чыгууда жана жаңы шарттарга талап күчөп жатат.
Ал эми өндүрүштүк обьекттерге келе турган болсок, албетте жумушчу орундар түзүлөт. Ал эми кандай киреше алып келери ал башка кеп. Өкмөт тийиштүү бардык шарттарды түзүп берсе бизнеске жакшы мотивация болот. Президенттин лидердик позициясы - стратегияны иштеп чыгып жүзөгө ашырып жатканы. Бул жакшы көрүнүш. Экономикага болгон салымы.
Ал эми аймактардын потенциалы боюнча айтсам, кандай гана ишкер болбосун бардык тарабын ойлойт. Тоо жери, катаал шарт же жолдор начар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан темир жолдун салынышын колдоп жатышканы жөн жерден эмес. Ал арзан, логистика ынгайлуу. Бир куруп койсоң 100 жыл иштеп берет. Ошондой эле деңиз жолуна чыгуу да маанилүү. Бул темир жолдон да арзан. Деңиз менен ташыган мамлекеттин логистикага баасы өтө арзан чыгат. Эми кымбат деп токтоп калган туура эмес, башка мүмкүнчүлүктөрдү таап, потенциалды ачканга аракет кыла берүү керек", - деди экономист Нургүл Акимова.

Аткарылып жаткан иштердин бардыгы Кыргызстан экономикалык өнүгүү жана мамлекетти бекемдөө мезгилин баштан өткөрүп, өнүгүүнүн активдүү баскычында турат дегенди билдирет. Бул туурасында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкө экинчи демге ээ болуп, өз жолун табууда.

"Баарын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Биздин көз алдыбызда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Айланабыздагы дээрлик бардык нерсе өнүгүп, кайра түзүлүүдө. Өлкөбүзгө инвестициялар келип, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргызстан ишенимдүү жана олуттуу кадамдар менен алдыга жылып жатат. Бардык эл аралык өнөктөштөр менен мамиле туура жолго коюлуп, республикага олуттуу көлөмдө инвестиция тартылууда.
Башкаруу формасы тууралуу көпкө чейин талашса болот. Бирок биз конкреттүү жыйынтыкты көрүп жатабыз жана ага мамлекет башчысынын лидерлик сапаттары да олуттуу деңгээлде өбөлгө түздү. Садыр Жапаров коомдогу маанайга кылдат баам салып, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономиканы жакшыртууга, өлкөнүн аброюн бекемдөөгө жана мыйзамдуулукту орнотууга умтулган жетекчи катары өзүн көрсөттү. Биз муну көрүп, мурдагы абал менен азыркы жагдайдын айырмасын байкап жатабыз", - деди Аликбек Жекшенкулов.