Кыргызстандын дипломатиясы: жаңы багыт, жаңы мүмкүнчүлүктөр

Аналитика 1 октябрь 2026 14:20
Кыргызстандын дипломатиясы: жаңы багыт, жаңы мүмкүнчүлүктөр
copyright icon ЖИ
Кабар

Азыркы геосаясатта коңшу мамлекеттер жана өнөктөштөр менен прагматикалык жана туруктуу мамилелерди түзө билүү дипломатиянын маанилүү куралдарынын бири болуп саналат. Тышкы багыттардагы натыйжалуу диалог, биринчи кезекте, өлкөнүн туруктуулугун камсыздайт. Экономикалык байланыштар мамлекеттин өнүгүшүнө, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө жана жарандардын бакубатчылыгынын жогорулашына шарт түзүп, калкты жумуш менен камсыздоого жана социалдык программаларды ишке ашырууга өбөлгө болот. Өлкө стратегиялык туруктуулукка ээ болуу менен өзүнүн потенциалын толук ачууга мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстан акыркы алты жылда ушундай жолду басып өттү. Республикада болгон өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын азыр инфраструктура өнүгүп, турак жай курулушунун темптери боюнча рекорддор жаңыланып, ИДПнын көлөмү дээрлик үч эсеге өскөнүн көрүп жатабыз.

Учурда Кыргызстан өнүгүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлеп, республиканын экономикасы акыркы төрт жылда 10 пайыздан ашык өсүүдө. Бул жерде Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин мамлекет башчысынын милдетин аткарууга жаңы гана киришкен учурда өлкө кандай абалда болгонун эске салуу маанилүү.

Саясий талаада, ачык айтканда, башаламандык өкүм сүрүп турган. Бийлик үчүн мурдагы бийликтин тарапташтары болгон ар кандай топтор күрөшүп, коррупционерлер жана уюшкан кылмыштуу топтор таасир чөйрөлөрүн өз ара бөлүшүп жаткан. Коңшу мамлекеттер менен чек аранын талаштуу тилкелеринде чыңалуу очоктору пайда болуп, алар маал-маалы менен жаңжалдарга алып келген. Ал мезгилде экономиканы өнүктүрүү тууралуу сөз да болгон эмес, завод-фабрикалар иштебей, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга инвесторлор болгон эмес. Кыргызстан өлкөдөгү абалды сүрөттөөдө "белгисиздик" деген сөз эң таамай болгон оор мезгилди башынан кечирип жаткан.

Алты жылдын ичинде, тарыхый масштабда бул өтө эле кыска убакыт, өлкө түп-тамырынан бери өзгөрдү. Системалуу коррупция жоюлуп, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине бөгөт коюлгандан кийин экономика эркин "дем ала" баштады. Президентке көбүрөк ыйгарым укуктар берилип, республикада болуп жаткан бардык процесстер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган конституциялык реформа бийликтин вертикалын бекемдөөгө жана министрлик кызматтарды бөлүштүрүү боюнча интригалардан арылууга мүмкүнчүлүк берди. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселесинин жөнгө салынышы туруктуулукту бекемдеген дагы бир фактор болду. Талаштуу аймактар боюнча келишимдерге кол коюлгандан кийин мамлекет башчылары Борбор Азияны "түбөлүк тынчтыктын, туруктуулуктун жана биргелешкен өнүгүүнүн аймагы" деп жарыялашкан.

Тышкы саясат тармагында да чоң өзгөрүүлөр болду, эл аралык коомчулук үчүн Кыргызстан туруктуу жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон өлкөгө айланды. Өзүнүн так позициясы, принциптери жана артыкчылыктары бар, улуттук кызыкчылыктарын коргой алган, ошол эле учурда бардык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык мамлекет эл аралык процесстердин активдүү катышуучусуна айланды. Мындай дипломатия өнүгүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Өлкөгө ири инвесторлор келе баштады. Азыр Кыргызстандын бардык аймактарында жыл сайын ондогон ири завод-фабрикалар ачылып, жол инфраструктурасы, анын ичинде эл аралык маанидеги транспорттук коридорлор өнүгүп, логистикалык борборлор курулууда.

Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнүн бири катары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сөзүн келтирүүгө болот. Мындан эки жыл мурда Ысык-Көлгө болгон сапары учурунда ал Садыр Жапаровго: "Кыргызстан "уктап жаткан сулуудан" "чуркап бараткан күлүккө" айланды", – деген.

Өлкөбүздүн эл аралык имиджи объективдүү түрдө жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Бул акыркы алты жылда жүргүзүлгөн дипломатиялык аракеттердин, ошондой эле өлкө ичиндеги өзгөрүүлөрдүн натыйжасы. Быйыл Бишкек Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын маанилүү саммитин кабыл алды, ошондой эле эң масштабдуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдү. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы да өлкөнүн эл аралык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымына берилген баа жана өлкөбүздүн кадыр-баркынын таанылышы болуп саналат.

"Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүн көп учурда тышкы саясаттагы тарыхый чечимдердин мезгили деп айтышууда, мындай бааларды чет элдик дипломаттардан жана эксперттерден көп угуп жатам", — деди Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев "Кабар" агенттигине берген маегинде.

"Менин оюмча, сырттан караган көз караш ар дайым объективдүү пикир болуп саналат. Кыргызстандын өнүгүшү чындыгында көптөгөн саясатчыларды жана дипломатиялык чөйрөнүн өкүлдөрүн таң калтырууда. Өзгөрүүлөр ачык эле көрүнүп турат, ал эми тышкы саясат – Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн түптөп, экономикасын өнүктүрүп жаткан негизги таянычтардын бири. Тышкы багытта эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Аймактагы чек ара маселелери чечилди. Биздин өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары кирди. Бизди билишет жана биздин пикирибиз кабыл алынат.
Кыргызстан дүйнөдө кайрадан тоолуу өлкөлөрдүн үнү катары тааныла баштады. 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте Экинчи глобалдык тоо саммити – "Бишкек+25" өтөт. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка татаал маселелерди чечүү боюнча өз тажрыйбасын сунуштоого даяр – биз муну чек ара маселесинин мисалында далилдедик. Биз куралданууга жумшалып жаткан ресурстарды адамдардын жашоо шартын жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга жана экологияны коргоого багыттоону сунуштап жатабыз.
Биз Евразия экономикалык биримдигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы мамилелерди бекемдеп жатабыз. Бул уюмдар азыр Евразия мейкиндигинин өнүгүүсүндөгү алдыңкы эл аралык институттар болуп саналат. Кытай жана Россия сыяктуу ири державалар менен жемиштүү кызматташып жатабыз, алар биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз. Москва жана Пекин менен саясий диалогубуз улуттук кызыкчылыктарыбызды жана экономикалык артыкчылыктарыбызды эске алуу менен абдан прагматикалык негизде түзүлгөн.
Бир нече жылдын ичинде өлкөнүн тышкы саясатында сапаттык жактан жаңы өзгөрүүлөр жана болуп көрбөгөндөй ийгиликтер болду. Бул жетишкендиктерге президент Садыр Жапаров олуттуу салым кошту", – деп белгиледи Кайрат Осмоналиев.

Азербайжандык публицист, саясат таануучу, CBC телеканалындагы "Тышкы иштердин аспектилери" аттуу автордук программанын алып баруучусу Теймур Атаев "Кабар" агенттигине берген комментарийинде Кыргызстандын тышкы саясаттагы аракеттерине жана анын жыйынтыктарына баа берди.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы позициясы азыркы доордо жаңы мамлекеттердин жана бүтүндөй аймактардын маанилүү геосаясий оюнчуларга айланып жатканын көрсөткөн жаңы тенденциялардын калыптанып жатканын айгинелейт. Бул жагынан Кыргызстанды да, Азербайжанды да өз аймагында гана эмес, андан кыйла кеңири мейкиндикте күн тартибин калыптандырып жаткан геосаясий күч катары кароого болот. Азыркы тарыхый этап — бул логистика, каттамдар жана транспорт доору, же биз атагандай, өз ара байланыштуулук доору. Бул жагынан Кыргызстан өзүнүн эбегейсиз потенциалын кантип пайдаланып жатканын көрүп жатабыз.
Азыр биз өнүгүүнүн өз жолун издеп жаткан мамлекеттердин башында турганыбызды көрүп жатабыз. Биринчи кезекте бул улуттук кызыкчылыктарды коргоо, анын ичинде диверсификация маселесин камтыйт. Мында ар кандай тармактарда чек аралар олуттуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга тоскоолдук жаратпайт.
Борбор Азия саясий аброюн жогорулатып жатат. Анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжанды бириктирген С6 форматындагы жаңы геосаясий түзүмдүн пайда болушу буга өбөлгө болууда жана бул формат ири дүйнөлүк державалар арасында суроо-талапка ээ болууда. Ушундай эле процесс ШКУда жана Түрк мамлекеттер уюмунда да жүрүп жатат. Бул институттар азыркы этаптагы өнүгүүнүн тенденцияларын, дүйнөгө болгон жаңы көз карашты, идеяларды жана сунуштарды калыптандырууда.
Мамлекеттердин чыныгы көз карандысыздыгы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган кадамдарды жасоодон көрүнөт. Бул жагынан алганда Кыргызстан үчүн чоң перспективалар бар, анткени өлкөнүн бардык аракеттеринин негизинде дал ушул принцип турат", – деп белгиледи Теймур Атаев.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстандын бийлигинде күчтүү ички өзөк пайда болду, буга чейин ал күчтүү жана өз алдынча мамлекетти куруу үчүн жетишсиз болуп келген. Бул маанилүү элемент саясий системаны реформалоого, аны бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнүн жолун табууга мүмкүндүк берет. Прагматикалык негизде түзүлгөн тышкы саясаттын багыты өндүрүш тармагындагы жана аймактык логистикадагы ири эл аралык долбоорлорду ишке киргизүүгө жаңы түрткү берүүдө. Бул долбоорлор узак мөөнөттүү келечекте өлкө экономикасынын потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.