Ысык-Көлдү сактоо фонду кандай иштейт? Эксперт негизги принциптерин түшүндүрдү

Экология 23 сентябрь 2026 23:00
Ысык-Көлдү сактоо фонду кандай иштейт? Эксперт негизги принциптерин түшүндүрдү
Кабар

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фонд түзүү демилгесин колдоого чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, уникалдуу бийик тоолуу көл климаттын олуттуу таасирине дуушар болууда. Экологиялык өзгөрүүлөрдүн масштабы улуттук жана эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Президенттин белгилешинче, акыркы 170 жылда Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн. Ал эми акыркы беш жылда суунун төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.

“Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат”, — деди Садыр Жапаров.

Ал Ысык-Көл үчүн суунун негизги булактары Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөр экенин белгиледи. Акыркы 70 жылда тоо мөңгүлөрүнүн 30 пайыздан ашыгы эрип кеткен. Анын ичинен мөңгүлөрдүн азайышынын болжол менен 20 пайызы акыркы 7–10 жылга туура келет.

Президенттин айтымында, болуп жаткан өзгөрүүлөр аймактагы биологиялык ар түрдүүлүккө жана ишмердиги Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстары менен экосистемасына байланышкан жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна коркунуч жаратууда.

“Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы өзүнчө бир тоолуу мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшөт. Бул эл аралык деңгээлде биргелешкен аракеттерди талап кылат”, — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоого багытталган атайын биргелешкен трасттык фонд түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, Кыргызстан бул демилгеге конкреттүү каржылык салым кошуу менен өзүнүн колдоосун ырастоого даяр.

“Биз бул фондго мамлекеттик бюджеттен 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз”, — деди президент.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл — Кыргызстандын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шандын Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан эч бир жака агып чыкпаган көл. Ал деңиз деңгээлинен болжол менен 1609 метр бийиктикте жайгашып, экологиялык жана жаратылыштык мааниси чоң аймак болуп саналат.

Ысык-Көл ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар тармагына жана Рамсар конвенциясынын алкагындагы эл аралык маанидеги суу-саз жерлеринин тизмесине кирет.

Ысык-Көлдү сактоо маселеси Кыргызстан үчүн гана эмес, Борбор Азиянын жалпы аймагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн да маанилүү.

Эколог Анара Султангазиева “Кабар” агенттигине Ысык-Көлдү сактоо боюнча Эл аралык биргелешкен трасттык фонд түзүү демилгесин жаратылышты коргоого багытталган айрым долбоорлордон көлдүн экосистемасын узак мөөнөттүү каржылоо жана башкаруу системасына өтүүдөгү маанилүү кадам катары кароо керектигин белгиледи.

“Ысык-Көл — жергиликтүү объект болгону менен, дүйнөлүк экологиялык баалуулукка жана чоң мааниге ээ. Бул демилге өз убагында көтөрүлүп, стратегиялык жактан маанилүү болуп саналат. Бирок фонддун натыйжалуулугу анын түзүлгөнүнө гана эмес, анын иштөө механизмдери кандай түзүлөрүнө жараша болот”, — деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн көйгөйлөрү жаратылышты коргоо менен гана чектелбейт. Алар климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, туруктуу туризмди өнүктүрүү, калктын саламаттыгы жана экономикалык өнүгүү сыяктуу бир катар маселелерди камтыйт.

“Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн көйгөйлөрү кадимки жаратылышты коргоо ишмердигинин алкагынан чыгып кетти. Бул климат, суу ресурстары, биологиялык ар түрдүүлүк, туруктуу жана “жашыл” туризм, калктын саламаттыгы жана экономикалык өнүгүү менен байланышкан комплекстүү маселе. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү”, — деп белгиледи эксперт.

Ал эл аралык фонд түзүлгөнү менен, Ысык-Көлдү сактоо боюнча негизги жоопкерчилик Кыргызстанда калышы керектигин белгиледи. Тескерисинче, фонд улуттук ресурстарды эл аралык климаттык фонддордун мүмкүнчүлүктөрү, заманбап технологиялар, илимий экспертиза жана узак мөөнөттүү инвестициялар менен бириктирүүгө багытталышы керек.

Анара Султангазиева Кыргызстанда буга чейин кабыл алынган стратегиялык чечимдер эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз боло аларын белгиледи.

Атап айтканда, 2025-жылдын декабрында Кыргызстанда Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү концепциясы бекитилген. Мындан тышкары, 8-сентябрда президент Ысык-Көлдү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча Улуттук фонд түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Эксперттин пикиринде, эл аралык трасттык фондду буга чейин кабыл алынган улуттук демилгелерди ишке ашырууга жардам бере турган кошумча каржылык механизм катары кароо туура. Ал өзүнчө, буга чейинки түзүмдөрдүн ишин кайталаган уюмга айланбашы керек.

“Буга байланыштуу Эл аралык трасттык фонд буга чейин иштеп жаткан улуттук демилгелерди ишке ашырууга багытталган кошумча каржылык инструмент болуп бере алат”, — деди ал.

Эксперт фонддун ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн башкаруу тартибин, каржылоо булактарын, долбоорлорду тандоо критерийлерин жана каражаттарды пайдаланууну көзөмөлдөө механизмдерин алдын ала так аныктоо зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, фонддун иши көл менен гана чектелбестен, мөңгүлөрдү, дарыяларды, жер астындагы сууларды жана ага жакын аймактарды камтыган Ысык-Көлдүн бүтүндөй бассейнин сактоого багытталышы керек.

Султангазиева каржылоонун негизги багыттарынын бири катары саркынды сууларды тазалоо системасын өнүктүрүүнү жана суу менен камсыздоо, канализация инфраструктурасын модернизациялоону атады.

“Эң маанилүү багыттардын бири — саркынды сууларды тазалоочу жайларды жана канализациялык тармактарды куруу жана жаңылоо, саркынды сууларды тазалоонун заманбап системаларын киргизүү, мыйзамсыз төгүндүлөрдү көзөмөлдөө жана тазаланган сууну туристтик объектилерде кайра пайдалануу”, — деди эксперт.

Ал белгилегендей, мындай инфраструктураны өнүктүрүү экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, сууну сарамжалдуу пайдалануу жана туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү маселелерин бир учурда чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, эксперт Ысык-Көлдүн экосистемасына туруктуу илимий мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү эл аралык системасын түзүүнү сунуштады. Анын алкагында суунун деңгээлин жана сапатын, көлгө түшкөн суунун көлөмүн, химиялык курамын, суу алдындагы экосистемаларды, биологиялык ар түрдүүлүктү жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин байкоо зарыл.

“Спутниктик мониторингди, гидрологиялык байкоолорду, суу алдындагы робототехниканы жана жер үстүндөгү изилдөөлөрдү бириктирүү маанилүү. Фонддун алкагында ата мекендик, аймактык жана дүйнөлүк окумуштуулар иштей турган Эл аралык илимий борбор түзүү максатка ылайык”, — деди Султангазиева.

Анын пикиринде, эл аралык илимий кызматташтык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатып, жаратылышты коргоо боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө жардам берет.

Ошондой эле фонд Ысык-Көлдүн бассейнин климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлаштырууга багытталган чараларды камтышы керек. Бул үчүн сууну үнөмдөөчү технологияларга инвестиция салуу, айыл чарбасын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу жана деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү сунушталууда.

“Фонд көлдүн бүтүндөй бассейнин — мөңгүлөрдү, дарыяларды, жер астындагы сууларды жана ага жакын аймактарды камтышы керек. Сууну үнөмдөөчү технологияларга, айыл чарбасын ыңгайлаштырууга жана деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө инвестиция керек”, — деп белгиледи эксперт.

Султангазиева Ысык-Көл аймагындагы туризмди да туруктуу жана “жашыл” багытта өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл экенин айтты. Анын ичинде экологиялык стандарттарды киргизүү, туристтик объектилердин энергия натыйжалуулугун жогорулатуу, таштандыларды өзүнчө чогултуу, экологиялык транспортту өнүктүрүү жана туристтик объектилерди сертификациялоо сунушталууда.

Ошондой эле көлдүн айланасындагы экологиялык жактан аярлуу аймактарга түшкөн жүктү чектөө зарылдыгы белгиленди.

“Жашыл” туризмге өтүүгө көмөктөшүү экологиялык стандарттарды киргизүүнү, энергия натыйжалуулугун жогорулатууну, таштандыларды өзүнчө чогултууну, экологиялык транспортту өнүктүрүүнү жана туристтик объектилерди сертификациялоону, ошондой эле аялуу аймактарга түшкөн жүктү чектөөнү камтышы керек”, — деди ал.

Экологдун маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн айланасында жаныбарлардын 335 түрү катталган, алардын 39у Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

“Көлдү сактоо — тоо экосистемасын жана бүтүндөй Тянь-Шань системасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо дегенди билдирет”, — деп баса белгиледи Султангазиева.

Эксперт эл аралык фонддун түзүлүшү өзүнөн-өзү жаратылышты коргоо максаттарына жетүүгө кепилдик бербей турганын белгиледи. Анын натыйжалуу иштеши үчүн башкаруу жана каржылоонун так принциптери иштелип чыгышы керек.

Ал төрт негизги принципке токтолду. Биринчиси — ачык-айкындуулук. Фондго түшкөн каражаттар, каржыланган объектилер жана жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат так жана түшүнүктүү болушу керек. Бул каражаттардын кандай пайдаланылып жатканын жана долбоорлордун аткарылыш деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет.

Экинчиси — илимий көз карандысыздык. Каржылоо боюнча чечимдер илимий маалыматтарга жана кесипкөй экспертизага негизделиши керек. Бул артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана экологиялык тобокелдиктерди баалоо үчүн маанилүү.

Үчүнчү принцип — натыйжаларды өлчөө мүмкүнчүлүгү. Долбоорлордун натыйжалуулугу конкреттүү көрсөткүчтөр менен бааланышы керек. Алардын катарына тазаланган саркынды суунун көлөмү, булгануунун деңгээлинин төмөндөшү, суу ресурстарын үнөмдөө жана жүргүзүлгөн иштердин натыйжасын аныктоого мүмкүндүк берген башка көрсөткүчтөр кирет.

Төртүнчү принцип — кошумча каржылоо. Эл аралык каражаттар мамлекеттик каржылоону толуктап, Кыргызстан көлдү сактоо боюнча өз милдеттерин аткаруусун улантышы керек.

Султангазиеванын айтымында, так жана өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдүн болушу долбоорлордун жарыяланганын гана эмес, алардын Ысык-Көлдүн экосистемасына чыныгы таасирин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Эксперт эл аралык кызматташтык улуттук жоопкерчилик менен тышкы колдоонун айкалышына негизделиши керектигин белгиледи.

“Ысык-Көл — Кыргызстандын улуттук байлыгы жана эл аралык мааниге ээ жаратылыш объектиси. Эл аралык кызматташтык улуттук жоопкерчиликти дүйнөлүк ресурстар жана билим менен бириктирүүгө мүмкүндүк берет”, — деди ал.

Анын пикиринде, каржылык ресурстарды, илимий мүмкүнчүлүктөрдү жана заманбап технологияларды бириктирүү Ысык-Көлдү узак мөөнөттүү сактоо стратегиясын ишке ашырууга шарт түзөт.

Мында мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү тургундардын жана туристтик тармактын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашылган иш алып баруусу маанилүү.

Эксперттин белгилешинче, көлдү сактоо үчүн системалуу мамиле керек. Мында экологиялык маселелер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өз ара байланышта каралышы керек.

“Бир жолку долбоорлордон ачык-айкындуулукка жана илимий негизге таянган бирдиктүү узак мөөнөттүү башкаруу системасына өтүү Эл аралык трасттык фондду көлдү келечек муундар үчүн сактоонун натыйжалуу куралына айлантат”, — деп жыйынтыктады Анара Султангазиева.