Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Белгилендей, бүгүндөн тарта кыргызстандыктар үчүн Кытайдын башка аймактарына 10 күндүк визасыз режим күчүнө кирди.
“Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөмдөрдү жасоодон, виза алуу үчүн документ топтоо, консулдук кызматка барууга убакыт коротуудан арылат.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатат. Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө, мурдагыдай эле, виза талап кылынат", - деп белгиледи ал.