2022-жылдын июнь айында кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешине шайланган биринчи чет элдик жаран болуп тарыхты жаратты. Дээрлик төрт жылдан бери Айсулуу Аширалиева Сеулдун мыйзамдарын жазып жана өзгөртүп, к-рор, дорамалар баштаган чыгармачыл индустриясынын глобалдык деңгээлге чыгышына салым кошуп келе жатат. Бул чек эмес. Кыргыз кыз алдыда кореялык дымактуу саясатчылардын катарында шаардык кеңешке шайлоого кайрадан ат салышмай болду. "Кабар" агенттиги Айсулуу Аширалиеванын ийгилиги, эмгек, жоопкерчилик жана темирдей бекем эрктин кыргызстандык карапайым мигрантты Азиянын эң өнүккөн өлкөсүнүн саясий бийиктигине кантип жеткиргени туурасында кеңири билүү үчүн аны кепке тартты.

— Кыргызстанда жүргөндө коомдук, саясий иштерге аралашкан эмес экенсиз. Учурда Кореянын борбор шаары Сеул шаардык кеңешинин депутатысыз. Корея сасясатына кандай келип калдыңыз? Анын үстүнө саясатчы кесибине эч ким даярдабайт эмеспи. Кыргызстандагы жөнөкөй Айсулуу менен Кореядагы депутат Айсулуунун айырмасы кандай болду?
— Ошол эле Айсулуумун. Аныгында туура айтып кеттиңиз, саясатка эч ким даярдабайт. Кыргызстанда жүргөндө коомдук иштерге катышчу эмесмин. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин чет элдиктерге гид болуп иштеп, Кыргызстанды айланта көрсөтүп жүрчүмүн. Акча табуу үчүн боорсок жана улуттук тамактарды жасаган учурлар болду. 2003-жылы курбу кызым аркылуу Кореяга келип, заводдо иштей баштадым. Бул жерде жашоо таптакыр башкача экен, оош-кыйыш кырдаалдар болду. Заводдо иштедим, турмушка чыктым. Ал кезде мигранттарга, меникиндей көп маданияттуу үй-бүлөлөргө жардам жок болчу. Бул өлкөнү өзүбүз тандап келгенден кийин карманыш керек болду. Эл менен сүйлөшүп, достошуп мамиле кургум келе берчү. Корей тилин, маданиятын үйрөнүү үчүн ыктыярчылар тобуна кошулдум. Ошентип Кыргызстанда катышпаган иштерге Кореяда кызуу катыша баштадым. Бир чоң сабак алдым. Адам өзгөрүүнү сырттан күтүп отура бербей, өзү аракет кылышы керек экен. 2017-жылы Кореянын “Тобуро” деген демократиялык партиясында иштеп калдым. Бул партия 2018-жылы Сеулдагы шайлоого аттанганда, мен шайлоо алдындагы штабда көп маданияттуу үй-бүлөлөрдүн өкүлү катары үгүт иштерине катыштым. Кореядагы президенттик шайлоодо да талапкердин командасында иштеп, өлкөнү түрө кыдырып агитация кылдым. Штабдагы жетекчилердин бири жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот, катышып күчүңдү сынап көрбөйсүңбү деп калды. Макул деп, бирок шайлоо процессинде абдан кыйналдым. Буйрук экен, Сеул шаардык кеңешине депутат болуп өтүп кеттим. Жаңы эле мурунку Айсулуу менен азыркынын айырмасы жөнүндө сурадыңыз. Мен азыр деле мурункудай жоопкерчиликтүү Айсулуумун. Мен депутат болгуча эле адамдардын көйгөйлөрүн чечип жүргөн кишимин. Мурда айлана-чөйрөмдөгүлөрдүн маселесин карасам, азыр Сеулдун 10 миллионго жакын калкынын кызыкчылыгын көздөгөн депутатмын.
— Кореялык депутаттар менен кантип иштешип жатасыз? Кандай кабыл алышты? Сиздин потенциалыңызды, күчүңүздү көрүштүбү?
— Албетте көрүштү. Кыргызстанда кандай билбейм, Сеул шаардык кеңешинде Этика комитети бар. Кемсинтип же үстөмдүк кылышса кайрылсам болот. Бирок бир да андай учур болгон жок, өздөрүндөй эле көрүштү. Депутат болуп келгенимде чоң эмес, кичинекей бир мамлекеттен экенимди угушуп абдан таң кылышты. “Сен кыйын кыз турбайсыңбы” деп тескерисинче мактап, жогору баалап кабыл алышты. Анткени мен жүздөгөн талапкерлердин арасынан жеңип келдим да. Саясатта пикир келишпестиктер албетте болот, бирок бардыгы мыйзам чегинде. Элдин кызыкчылыгы партиядан жогору, кайсы партия болбосун эл үчүн иштөөсү керек деп эсептелет. Келишпестиктерди диалог менен чечебиз. Мен да бири-бирин урматтоо принцибин карманам.
— Сизге Сеул шаардык кеңешинин депутаты катары кандай мүмкүнчүлүктөр берилди? Батир, унаа бериштиби? Маянаңыз жетеби?
— Сеулда батир да, унаа да берилбейт. Ошол эле учурда мыйзамда каралган эмгек акыбызды ай сайын алабыз. Статистиканы карасак, маянабыз анчалык деле көп эмес. Баскан-турганыбыз, ичкен-жегенибиз менен чыгып кетет. Бирок депутат деп сыйлашат. Биз депуттык ишти эч качан материалдардык мүмкүнчүлүк катары эсептебейбиз. Эч качан, ишенесизби? Бул жактын депутаттары күнү-түнү иштешет. Бир аз эс алып алганга кабинетибизде жыйнама керебетибиз, кошумча кийим-кечебизди коюп коебуз. Муну мен кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алам. Бул кызмат сыртынан жалтырак, сонун көрүнсө керек. Бирок абдан көп убакытты, чоң жоопкерчиликти, аракетти, эмгекти талап кылат. Биздин расмий эмгек өргүүбүз 3 эле күн, ишемби, жекшембини кошкондо 5 күн. Аныда кезек менен алабыз. Анткени иш жүрүп турушу керек. Баарыбыз кетип калсак ким иштейт, шаар кимге калат? Бизде түшүнүк ушундай.

— Сеулду заманбап, келечектин, жаңы технологиялардын шаары деп билебиз. Түштүк Кореянын эле эмес дүйнөнүн ири каржы борборлорунун бири. Ушундай шаардын саясатын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү эмнеде?
— Сеул чынында ири жана өтө тез өнүгүп жаткан мегаполис. Бул калаада технология, экономика, маданият, адамдардын жашоо сапаты бирдей жана бир калыпта өнүгүшү керек деген принцип бар. Бири да артта калбашы керек. Ушуну туура деп эсептейм. Шаардын саясаты 10-20 жыл кийинки келечекти эске алуу менен түзүлөт да.
— Сиз Сеул шаардык кеңешинин Маданият, спорт жана туризм боюнча комитетинин төрагасынын орун басары экенсиз. Учурда кореялык BTS, Blackpink сымал k-pop топтор глобалдык деңгээлдеги жылдыздар. Корея дорамалары өтө популярдуу. Чыгармачыл индустриянын өнүгүшүнө сиздин комитеттин колдоосу канчалык?
— Сөзсүз колдоо бар. Дүйнөнү жаңырткан ийгиликтер, k-рор, дорама, кинолор жөн гана көңүл ачуучу эмес, өлкөнүн маданиятын, тилин жана экономикасын дүйнөгө таанытуу ролун аткарууда. Мамлекет чыгармачыл индустрияны көп жылдан бери системалуу түрдө колдоп келет. Ошол себептен ушундай бренддер жаралууда. Өткөн май айында Сеулда BTS группасынын концерти болду. Биз каражат бөлүп бердик. Эң биринчи талапты коопсуздукка койдук. Коопсуздук толук сакталуусун талап кылдык. Интернет колдонуучулар Сеулдагы иш-чараны тейлөө жогорку деңгээлде болгонун жазып жатышты. Көрдүңүзбү, маданият кичинекей эле нерседен башталат. Коопсуздукка, туристтердин ыңгайына жана тейлөөгө көңүл буруп койсоң эле өздөрү жарнама кылып беришет. Азыр Кыргызстандын жаштары корей маданиятына кызыгып жатышканы байкалууда. Бул жакшы, бирок ошол эле учурда кыргыз маданияты да ушинтип дүйнөгө таанылса экен деген тилегим бар.
— Сеулдун бай тарыхый, кылымдык обьекттери жана заманбап архитектурасы менен туризмди өнүктүрүү тажрыйбалары кандай болду экен?
— Бул тармак шаардык кеңештеги биздин комитетке карайт. Абдан чоң колдоо көрсөтөбүз. Корея тарых менен заманбап технологиясын эриш-аркак колдонгонду билет. Туризмди өнүктүрүү үчүн тарыхый мурастар сакталат. Аларга арналган фестивалдар уюштурулуп турат. Шаарда коопсуздукка, туристтердин ыңгайына өзгөчө көңүл бурулат. Кыргызда эшигин көрүп төрүнө өт деген жакшы сөз бар эмеспи. Туризм бизде аэропорттон башталат. Тейлөө өтө жакшы деңгээлде. Кичинекей нерселерге көңүл бурса эле оңолуп кетет. Санарип кызматтар, тейлөө мехнаизмдери болушу керек.
— Учурда Кыргызстан инвестициялык абалын жакшыртып, инвесторлорду тартып жатат. Кореялык бизнестин биздин өлкөгө кызыгуусу канчалык?
— Кыргызстан туризм боюнча дүйнөлүк ондукка киргенден бери Корея Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга абдан кызыгып жатат. Эми ушул мүмкүнчүлүктү туура колдонуу керек.
— Кыргызстанга келип кетүүнү пландап жатыптырсыз. Кандай жаңылыктар менен келе жатасыз?
— Сеул шаардык кеңешине депутат болгон алгачкы жылдары Кыргызстанга чыкканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени Сеулда канчалаган мамлекеттин өкүлдөрү бар, баарына тегиз карашым керек эле. Акыркы 2 жылдан бери Борбор Азияга көңүл буруу керек деп баштадым. Корейлер да абдан дипломат болушат. Долбоор дайындагыла десем Кыргызстан-Казакстан кылалыбы же Кыргызстан-Өзбекстан кылалыбы деп келишет. Кандай болсо да Кыргызстанды кошуп даярдай бергиле десем, түшүнүшөт. Акыркы эки жылдан бери Борбор Азияга маданият, спорт жаатындагы долбоорлорго каражат бөлүп жатабыз. Ар кыл долбоорлорго катыштым, кореялык чыгармачыл топтордун Кыргызстанга баруусуна көмөк көрсөтүп жатам. Т. Абдымомунов атындагы опера жана балет театрында Кореянын маданият күндөрүн өткөрөбүз. 19-августта Т. Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында корей мюзикли коюлат.
— 2022-жылы Сеул шаардык кеңешине 4 жылга шайландыңыз эле. Быйыл мөөнөт аяктап бара жатат. Кайра катышасызбы шайлоого?
— Ооба, жакында биздин чакырылыштын мөөнөтү аяктайт. Андан кийинки шайлоого кайрадан катышууну пландап жатам.
— Сиздин үй-бүлө эки улуттун тең маданиятын билет экен. Балдарыңызга кандай баалуулуктарды бере алдыңыз? Сиздей инсанды тарбиялаган ата-эне жөнүндө да сөз кылбасак болбойт.
— Жолдошум корей улутунан болгондуктан уулум менен кызым эки элдин маданияттарын бирдей сиңирип чоңоюшту. Бул чоң артычылык. Мен өзүм башынан эле ушуну тилек кылчумун. Кыргыз дилин, тилин, салтын билсе экен дечү элем. Шүгүр, балдарым 6-классты бүткөндөн кийин Кыргызстанга которулуп окушту. Азыр экөө тең беш тилде эркин сүйлөшөт. Корея жараны болгондуктан жоопкерчилик, тартип, эмгекчилдикти да өздөштүрүүсү маанилүү. Кыргызстанда балдарыма менин ата-энем баш-көз болуп беришти. Деги эле ушул деңгээлге ата-энемдин тарбиясы менен жеттим. Кичинемден эле эмгекчилдикке, билимге умтулууга, негизгиси адамгерчиликке тарбиялашыптыр. Абдан ыраазымын. Буюрса, жакында Кыргызстанга барам.