Жыгач таңгак жана жашылча экспорту: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?

Маек 15 сентябрь 2026 17:15
Жыгач таңгак жана жашылча экспорту: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Евразия экономикалык биримдигинде фитосанитардык талаптар өзгөрүп, помидор, калемпир жана баклажан жашылчаларындагы пепино мозаика вирусунун жоктугун тастыктоо талабы жоюлду. Ошондой эле эл аралык фитосанитардык маркировкасы бар жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар фитосанитардык сертификаттан бошотулду. Бул өзгөртүүлөрдүн мааниси жана анын кыргызстандык ишкерлерге тийгизе турган таасири тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Сырткы карантин бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова кыскача айтып берет.

Жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарга байланыштуу кабыл алынган чечимди түшүндүрүп берсеңиз?

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, эл аралык стандарт боюнча атайын маркировкасы бар жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар үчүн эми фитосанитардык сертификат талап кылынбайт.

Буга чейин жыгач таңгактоочу материалда мындай эл аралык маркировкасы болгон күндө да, фитосанитардык сертификатты кошумча алуу зарыл болчу. Бул ишкерлер үчүн ашыкча документтерди тариздөөгө жана жүктөрдү ташууда кошумча жол-жоболорго алып келген.

Эми эл аралык маркировка жыгач материалдын тиешелүү фитосанитардык иштетүүдөн өткөндүгүн ырастаган негизги белги катары эсептелет. Натыйжада ишкерлердин убактысы үнөмдөлүп, документ иштеринин көлөмү азаят.

ЕАЭБдин бул чечиминде кандай артыкчылыктар бар?

Жаңы тартипти киргизүү зарыл болгон документтердин санын кыскартууга, тариздөө убактысын азайтууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү ташып өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн өзгөчө маанилүү.

Муну менен бирге, кабыл алынган чечим фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөйт. Эл аралык маркировка жыгачтан жасалган таңгактоочу же бекитүүчү материал белгиленген фитосанитардык иштетүүдөн эл аралык талаптарга ылайык өткөндүгүн күбөлөндүрөт.

Ошондой эле ашыкча административдик жол-жоболорду кыскартуу жана ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы дагы бир кадам болуп саналат.

Андан сырткары жаңы жана тоңдурулган помидор, калемпир жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино мозаика вирусунун (PepMV) болбошу боюнча талап жокко чыгарылды. Бул боюнча да айта кетсеңиз?

Ооба, бул дагы жакшы жаңылыктардын бири деп айтсак болот. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы бышкан жана тоңдурулган помидордун, калемпирдин жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино мозаикасынын вирусунун (Pepino mosaic virus, PepMV) болбошу жөнүндө талап алып салынды.

Бул талаптын өзгөртүлүшүнө пепино мозаика вирусунун кеңири таралышы себеп болду. Анткени мөмөдө оорунун белгилери көрүнбөгөн учурда да вирусту аныктоо үчүн атайын лабораториялык текшерүү жүргүзүү талап кылынат. Бул болсо ишкерлерге да, фитосанитардык кызматтарга да кошумча убакыт, чыгым жана документ иштерин жаратат.

Бирок бул өзгөртүү үрөнгө жана отургузулуучу материалдарга тиешелүү талаптар жоюлду дегенди билдирбейт. Аларга карата вирус боюнча фитосанитардык талаптар мурдагыдай эле сакталат. Башкача айтканда, үрөн жана көчөттөр текшерүүдөн өтүп, вирустун таралышына жол бербөө чаралары улантылат.

Мунун кыргыз ишкерлери үчүн кандай пайдасы болот?

Кыргызстан үчүн бул чечим жаңы жашылча продукцияларын тышкы рынокко чыгарууну өнүктүрүү жагынан практикалык мааниге ээ. Мөмөлөргө карата талаптын жоюлушу аларды ЕАЭБдин алкагында ташып өтүүнү жана экспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүүгө, тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын административдик жана лабораториялык чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле фитосанитардык кызматтардын жүгүн азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Атап айтканда, ЕЭК Кеңешинин бул чечими вирустун таралуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен фитосанитардык талаптарды оптималдаштырууга багытталган. Ошол эле учурда үрөндүк жана отургузуучу материалдарга карата зарыл болгон фитосанитардык көзөмөл сакталат.