Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жайдын өсүшү боюнча лидер болду

Экономика
Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жайдын өсүшү боюнча лидер болду
copyright icon WWW

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү көрсөткүчтөрү боюнча жарыяланган маалыматында айтылат.

Ага ылайык, ЕАЭБ боюнча өнөр жай өндүрүшү 0,3%га өскөн. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 8,8%ды, Арменияда 7,4%ды түзгөн. Биримдиктин башка өлкөлөрүндө өсүү темпи кыйла төмөн болгон.

Эксперттердин белгилешинче, бул көрүнүштү тең салмаксыздык катары кароого болбойт. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы акырындап жакындашып, мурда өнөр жай кубаттуулугу жетишсиз болгон аймактарда жаңы завод-фабрикалар ишке киргизилүүдө. Алардын айрымдары кошумча нарк түзүүнүн жалпы өндүрүштүк чынжырларына кошулууда.

Ошондой эле Евразия мейкиндигинде технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ, заманбап ишканаларды жана жалпы өндүрүштүк чынжырларды бириктирген өнөктөштүк калыптанып жатканы белгиленет. Келечекте өндүрүлгөн продукциянын көлөмү дагы көбөйөрү күтүлүүдө.