Ысыкты токтото албайбыз, бирок ага ыңгайлаша алабыз – эксперт менен маек

Маек 15 сентябрь 2026 17:40
Ысыкты токтото албайбыз, бирок ага ыңгайлаша алабыз – эксперт менен маек

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнө өтө жай, ондогон жылдар бою реакция кылып, узак убакытка чейин чегинүүнү уланта беришет. Бул туурасында табигый кырсыктар боюнча адис Виталий Загинаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Виталий Загинаев сел, жер көчкү жана мөңгү көлдөрүнүн жарылуусу сыяктуу кооптуу кубулуштар боюнча эксперт. Борбордук Азия университетинин Тоо жамааттарын изилдөө институтунун илимий кызматкери. Аталган институт Борбордук Азия тоолорундагы мөңгүлөрдү жана сел коркунучтарын изилдеген алдыңкы аймактык илимий борборлордун бири болуп саналат.

Окумуштуу август айында Кыргызгидромет, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен биргеликте Ноорус дарыясынын бассейниндеги Челектөр мөңгү комплексине экспедицияга барып келген.

Виталий Викторович, сиз сейрек кездешүүчү, бирок маанилүү кесипти аркалап келесиз. Кооптуу катаклизмдерди изилдеп, табигый кырсыкты алдын ала айткан учурларыңыз болгон. Бүгүнкү күндө климат тездик менен өзгөрүп жатат. Айтыңызчы, биздин илим жана техника ушул ылдамдыкка жетишип жатабы? Тянь-Шань тоолору төмөндө жайгашкан шаарлар, айылдар жана республикалар үчүн күтүүсүз болуп калган доорго кире элекпизби?

Биз бул процесстердин физикасын, мисалы, морена-мөңгү көлү кантип жарыларын, сел агымдарынын механикасынын өзгөчөлүктөрүн жана көмүлгөн муздун ролун түшүнөбүз. Мында эч кандай илимий табышмак жок. Теория артта калган жок, байкоо жүргүзүүлөрдүн тыгыздыгы артта калууда. Бизге процесс кандай түзүлгөнү туурасындагы жалпы билимдер эмес, конкреттүү обьект боюнча маалыматтар топтому керек.

Эмнелер өзгөргөнүнө токтолсом, мында коркунучтун көлөмү эмес, анын туруксуздугу өзгөрдү десе болот. Биз аралыктан иштөөчү ыкмаларды колдонуп, жаратылыш окуяларынын жайгашкан жерин жана убактысын жакшырак аныктап калдык. Кайсыл жактан коркунуч тооруп жатканын дайыма так айта алабыз. Байкоо тармактарын өркүндөтүү бизге божомолдорду тактоого мүмкүндүк берет.

Андыктан алдын ала айтууга мүмкүн болбогон доор келе элек. Тобокелдикти бир жолу эсептеп, анан аны текчеде калтырып койбош керек деген доор келди.

Сиздин Челектөр морена-мөңгү комплекси боюнча акыркы изилдөөңүз жөнүндө окудум. Эмне үчүн дал ушул тоо көлүн тандап алдыңыздар? Мындай деталдуу аспаптык экспедициялар үчүн белгилүү бир жерлерди (мисалы, Челектөр, Адыгене же Зындандан) тандоодо кандай негизги критерийлерди колдоносуз же бул көлдөр коркунучтуубу?

Челектөр мөңгүсүндө жайгашкан көл мурда да 2017-жылдын август айында жарылып кеткен. Андан бери 10 жыл өтүп комплекс кескин өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Быйыл Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учактар менен жогорудан текшерди. Мониторинг департаменти жана Кыргызгидромет менен биргеликте учуулардын биринде бул көлдү биринчи (эң жогорку) жарылуу коркунучу категориясына которуу чечими кабыл алынды. Анткени топтолгон көлөм жана дамбадагы өзгөрүүлөр анын жарылуу коркунучунун жогору экендигин көрсөтүп турат. Изилдөөдөн бир нече күн өткөндөн кийин көл акырындык менен суудан арылды. Бирок суунун агымы селге айланган эмес.

Ал эми Зындан – мөңгү көлүнүн жарылышын заманбап мониторинг ыкмаларын колдонуу менен кантип алдын ала айта аларыбыздын жакшы мисалы болуп саналат. Зындан көлүндө мурда да жарылуулар болгон, андан соң суу топтолуп жатканы аныкталган. Буларды эске алганда Зындан өзгөчө кызыгууну жаратууда.

Адыгене көлү болсо изилдөөлөр үчүн сыноо полигону катары эсептелинет. Ал жакта инструменталдык байкоолор боюнча көп маалыматтардын топтомдору бар, байкоо ыкмалары жөнгө салынган жана мөңгү көлүнүн суу деңгээлин төмөндөтүү боюнча инженердик долбоор ишке ашырылган.

Изилдөөлөргө ылайык, жалпы мөңгү баскан аянт азайып баратат, бирок чоң массивдердин ыдырашы менен кичинекей мөңгүлөрдүн саны көбөйгөн. Бул алдыдагы жылдары жарылып кетүү коркунучундагы көлдөрдүн санынын көбөйүшү дегенди билдирбейби?

Акыркы инвентаризациялар көрсөткөндөй, көлдөрдүн саны өсүп жатат, бирок жаңы көлдөрдүн көбү кичинекей, үстүңкү агымы туруктуу. Мындай көлдөр жетиштүү көлөмдө топтолбойт жана коркунуч жаратпайт. Мындай көлдөр көп жылдар бою суу топтобой туруп кийин бир нече айдын ичинде сууга толуп, жарылып кетиши мүмкүн.

Көп жылдан бери биз жарылуу коркунучунун критерийлерин иштеп чыгып, ыкмаларды жакшыртып жана өркүндөтүп, жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн каталогун тынымсыз жаңыртып келе жатабыз.

Биз тоолуу өлкө болгондуктан, коркунуч ар дайым болгон. Климаттын өзгөрүшүнө алып келген бардык факторлорду жок кылсак да, өзгөрүүлөр улана берет. Биз убакытты өткөрүп жиберген жокпузбу? Эгерде чындап жардам бере турган чаралар болсо, илим кандай роль ойнойт?

Мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнө өтө жай, ондогон жылдар бою реакция кылышат. Климаттын өзгөрүшү бүгүн токтотуп койсок да, мөңгүлөр узак убакытка чейин чегинүүнү уланта беришет.

Азыркы мөңгүлөр учурдагы климатка шайкеш келбейт. Алар мурунку суук доорлордо пайда болгон жана бүгүнкү күндөгү Жердин атмосферасы алар үчүн өтө жылуу. Биз жылуулукту токтото албайбыз. Бирок биз ага ыңгайлаша алабыз. Дал ушул жерден убакыт текке кете элек.

Акыркы 10 жылдыктардагы жоготуулардын көпчүлүгү аба ырайынын катаалдашуусу менен эмес, кылымдар бою тоодон кулаган таш, агып келген ылай, топурак жаткан жерлерге курулуш жүргүзүлгөнү менен түшүндүрүлөт. Адам акыркы сел качан жүргөнүн унутуп калышы ыктымал, ал эми суу өзүнүн нугун унутпайт.

Зыяндын олуттуу бөлүгү селдин өзүнөн эмес, дарыянын нугун жана көпүрөнүн оозун бүтөп калган таштандылардан (бак-дарактар ​​жана бадалдар) келип чыгат. Ошондуктан сел каналдарын жана нуктарын тазалоо, көпүрөлөрдү көзөмөлдөө зарыл. Эрте эскертүү системаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу керек.

Илим өз кезегинде чечимдердин негизин камсыз кылат. Биз агымдын кайдан жана кандай күч менен келерин аныктайбыз. Процесстин өзүн жана мүмкүн болгон кесепеттерин моделге салабыз жана жаңы ыкмаларды иштеп чыгабыз. Биз ошондой эле тынымсыз мониторинг жүргүзөбүз, бул да эс тутумдун бир түрү.

Андыктан кечиктик деп айталбайм. Биз мөңгү тоолор ар бир сезондо кайра эсептелип турган мезгилге кирдик. Жумуштун жүгү эки эсе өстү, бирок аны башкарууга болот.