2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл туура 6 жыл толду. Анда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөгөн эле. Адилетсиздикке кайдыгер эмес жарандар тарабынан ошол шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы коюлуп, нааразычылык бийликти кулатууга алып келген. Андан бери өлкөдө саясий, социалдык-экономикалык абал өз калыбына түштү. Кыргызстандын экономикасы өсүштү көрсөтүп жатканына эл аралык аренада оң баа берилүүдө. Ошондой эле мамлекет бардык эл аралык милдеттенмелерди, эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толугу менен аткарууда.
“Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиеваны кепке тартып, октябрь окуяларынан кийин коомдо, анын ичинде жаштардын көз карашында кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу азын-оолак маек курду.

— Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстан кандай өнүгүү жолуна түштү?
— Октябрь окуялары өлкөнүн саясий системасында чоң өзгөрүүлөргө алып келди. Андан кийин башкаруу формасы боюнча референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалды, жаңы Конституция кабыл алынды. Бирок менин оюмча, өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу формасы гана аныктабайт. Эң негизгиси - институттар кандай иштейт, мыйзам баарына бирдей колдонулуп жатабы, сот адилеттүүбү, парламент өзүнүн көзөмөлдөө функциясын аткара алабы, жарандардын укугу корголобу. Кайсы гана башкаруу формасы болбосун, ушул принциптер иштебесе туруктуу өнүгүү кыйын.
Кыргызстанда акыркы жылдары инфраструктура, курулуш, мамлекеттик башкаруунун тармактарында өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол эле учурда биз үчүн азыр экономиканын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүү, билим берүү менен саламаттык сактоонун деңгээли, сот системасына жана мамлекеттик институттарга болгон ишеним өзгөчө маанилүү. Өнүгүүнү бир гана курулган жол же имарат менен өлчөөгө болбойт. Адам өзүн коопсуз сезип, укугу корголуп, эмгеги менен жакшы жашоого мүмкүнчүлүк алганда гана мамлекеттин өнүгүүсү жаранга сезилет.
— Октябрь окуялары коомдо кандай өзгөрүүлөргө түрткү боло алды?

— Менимче, коом саясатка мурдагыдан да чоң талап коюп калды. Кыргызстанда жарандар шайлоо, адилеттүүлүк, бийликтин жоопкерчилиги сыяктуу маселелерге кайдыгер эмес экенин Октябрь окуялары дагы бир жолу көрсөттү. Ошол эле учурда коомдо саясий процесстерден чарчоо да бар. Адамдар революция же бийлик алмашуусунан мурда конкреттүү натыйжаларды – туруктуу жумушту, жакшы мектепти, сапаттуу медицинаны, адилеттүү сотту күтүп жатышат. Ошондуктан бүгүн маселени көчө аркылуу эмес, иштеген мамлекеттик институттар аркылуу чечүү маанилүү.
— Октябрь окуялары жаштардын бийликке жана мамлекеттик түзүлүшкө болгон көз карашына таасир тийгиздиби?

— Албетте, мындай чоң саясий окуялар жаштардын көз карашына таасир тийгизбей койбойт. Азыркы жаштар маалыматты тез алат, салыштырат, суроо берет. Алар мамлекеттик кызматкердин сөзүнө эле ишенип калбайт – жыйынтыкты көргүсү келет. Мен үчүн эң маанилүүсү – жаштар саясатты бир гана бийлик үчүн күрөш катары эмес, мамлекетти башкарууга катышуунун жолу катары түшүнүшү керек. Шайлоого катышуу, коомдук көзөмөл, кесипкөйлүк, жергиликтүү маселелерди чечүүгө аралашуу – мунун баары мамлекеттик башкарууга катышуунун формалары.
— Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн бүгүн жаш муун кандай салым кошуусу керек деп ойлойсуз?
— Биринчи кезекте - сапаттуу билим алуу жана кесипкөй болуу. Кыргызстанга бүгүн жөн гана активдүү эмес, өз тармагын мыкты билген жаштар керек: инженерлер, дарыгерлер, мугалимдер, программисттер, ишкерлер, илимпоздор, мамлекеттик кызматкерлер.

Экинчиден, критикалык ой жүгүртүү маанилүү. Маалыматты текшерүү, популизмге жана манипуляцияга берилбөө керек.
Үчүнчүдөн, өлкөнүн өнүгүүсүн мамлекеттен гана күтпөө керек. Ишкердик кылуу, жумуш орундарын түзүү, коомдук демилгелерге катышуу, өз кесибиңде таза жана жоопкерчиликтүү иштөө – бул дагы мамлекетке кошкон чоң салым.
— Сиз үчүн өнүккөн Кыргызстан деген эмне?

— Мен үчүн өнүккөн Кыргызстан – мыйзам алдында баары тең болгон, сотко ишенген, ишкер мамлекеттен коркпой иштеген, жаштар өлкөдөн кетүүнү жалгыз мүмкүнчүлүк катары көрбөгөн мамлекет. Ар бир балабыз сапаттуу билим жана медицина ала турган өлкө. Өнүккөн мамлекет – бул күчтүү институттар, жоопкерчиликтүү коом жана өзүнүн келечегине ишенген жарандар.