Ар бир жарандын аң-сезиминде жана жүрүм-турумунда бир катар өзөктүү баалуулуктар калыптанышы шарт. Бул баалуулуктар "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу менен "Кыргыз жараны" концепциясында белгиленген. Бул туурасында философия илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун философия кафедрасынын доценти Нурзат Аалиева "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Окумуштуу улуттун уңгу жолуна таянуу менен өлкөбүздүн ар бир жаранынын аң-сезими менен ички дүйнөсүнө таасир этүүгө болот деген пикирде.
— Нурзат Карыбековна "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолунда кыргыз жаранынын негизги баалуулуктары деп кандай сыпаттар өзгөчө белгиленген?
— Заманбап Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясынын өтө маанилүү документтери болуп "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу деп аталган жарлык менен "Кыргыз жараны" концепциясы саналат эмеспи. Демек, аталган 2 документте улутуна, динине, тилине карабастан, ар бир кыргыз жараны үчүн маанилүү болгон баалуулуктар белгиленген. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” улуттук идеологиялык багыттамасында кыргыз жаранынын негизги сапаттары жана баалуулуктары катары нарктуулук, мекенчилдик жана жоопкерчиликтүүлүк белгиленген. Документке ылайык, ар бир жарандын аң-сезиминде жана жүрүм-турумунда бир катар өзөктүү баалуулуктар калыптанышы шарт.
Алардын башында улуттук иденттүүлүк жана мамлекеттүүлүк, айрыкча, эгемендүүлүктү, тилди жана Ата Мекенди кадырлоо турат. Ошондой эле үй-бүлө жана коомдук жоопкерчилик, башкача айтканда, үй-бүлө куту, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо баалуулугу да камтылган.
Уңгу жол адеп-ахлак жана руханий байлык, тактап айтканда, ар-намыс, адамдык сапат, адилеттүүлүк жана айкөлдүктү жактайт. Табият менен гармония, же курчап турган чөйрөгө аяр мамиле жасоо сыяктуу негизги баалуулуктар коюлган.
Жалпылап айтканда, заманбап кыргыз жараны — илим-билимдүү, дени сак, акылы тунук, улуттук тамырын, уңгусун бекем кармаган жана мамлекеттин өнүгүшүнө реалдуу жоопкерчилик алган инсан болушу керек. Ар бир жаран ушул баалуулуктарды туу тутуу менен өлкөнү дүйнөлүк бийиктиктерге алып чыга алат.

— Улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар учурдагы заманбапташкан коомдук маданияттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөбү? "Эскичил көз караш" деген ойлор менен көп маани берилбей жаткандай?
— Философ катары жооп берсем, танууну тануунун (отрицание отрицания) 2 түрү бар.
Биринчиси, метафизикалык тануу – мында жаңы пайда болгон нерселер менен кубулуштар эскилерди толук жерип, эскичил элементтерди түп-тамырынан бери жок кылууга далалат кылат. Экинчиси, диалектикалык тануу – мында жаңы нерселер эскинин жакшы жана пайдалуу жактарына таянуу менен алга карай өнүгүүгө бет алат.
Эреже катары, метафизикалык тануу өтө опурталдуу мааниге ээ терс кубулуштар менен коштолот. Кыргыз элинин улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар азыркы заманбап коомдук маданиятты өнүктүрүүдө эң сонун пайдаланып, аны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу мүмкүндүгү бар экенин – жакында болуп өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көрсөттү го.
Анткени, улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар - коомду бириктирүүчү, улуттук кодду сактоочу негизги курал. Алар заманбап маданияттын маанисиз, жасалма болуп, өз өзөгүнөн тайып кетүүсүнөн сактайт.
Демек, салттарды сокур ишеним, же жөн гана ашыкча чыгым, ысырапкерчилик катары эмес, алардын ички терең философиялык маанисин жандандыруу керек. Мисалы: ынтымак, жардамдашуу, жаратылышты коргоо. Ошондо гана алар заманбап коомго көмөк көрсөтө алат.
— Коомдун маданияты, жарандардын тартиби, деги эле коомдук жайлардагы жүрүм-турум маселеси кызуу талкууларды жараткан темалардын башында турат. Биз маданияттуу адам деп кимди айта алабыз? Диплому бар адамдыбы же өзүн коомдук жайда туура алып жүргөндүбү?
— Маданияттуу болуш үчүн дипломго ээ болуу жетишсиз. Жогорку билим тууралуу диплом бул - кесиптик квалификациянын гана белгиси. Ал адамдын ички маданиятын толук аныктабайт. Чындыгында, маданияттуу адам - бул өзүн коомдук жайларда туура алып жүргөн, башкалардын укугун сыйлаган, ички адеп-ахлагы жогору жана эмпатиясы өнүккөн инсан.
Мындан сырткары, мен үчүн маданияттуу адам – биздин Айкөл Манас баатыр баш болгон ата-бабалардан баалуу мурас жана аманат катары калган улуттук баалуулуктарды жакшы билген, ошолорду алып жүргөн жана кийинки муундарга ошол ченемсиз баалуу кенчти төкпөй-чачпай өткөрүп берген адам.
— Интернет жана социалдык тармактар жаштардын коомдук адебине кандай таасир этип жатат? Социалдык тармактардагы маданиятсыздык жашоодогу маданиятсыздыктын чагылышыбы же жөн гана жоопкерчиликсиз аянтча болуп жатабы деген маселе?
— Социалдык тармактардагы маданиятсыздык коомдогу ички көйгөйлөрдүн, тарбиянын аксап жатканынын виртуалдык күзгүсү гана. Чыныгы жүзбү же жоопкерчиликсиз аянтчабы? Эки тарабы тең бар. Бир жагынан, беткапчан анонимдүүлүк, жашыруун аттар, фейк аккаунттар адамдардын ички жоопкерчиликсиздигин жана агрессиясын сыртка чыгарат. Экинчи жагынан, адамдын кризистик учурдагы пикирлери анын чыныгы маданиятын жана деңгээлин ачыкка чыгарып коёт.
— Коомдук маданияттын деңгээлин көтөрүүдө айып пулдар жана мыйзамдар натыйжалуубу же акыл-насаат, түшүндүрүү иштериби? Коомдук маданиятты кантип калыптандырууга болот?
— Айып пулдар менен мыйзамдар - болгону эле сырткы тартипти жана коопсуздукту убактылуу камсыздоочу мажбурлоо куралдары. Ал тартипти сактоого мажбурлайт, бирок, ички маданиятты өзгөртпөйт.
Узак мөөнөттүү жана эң натыйжалуу жол катары мен улуттук нарк-насилди атаар элем. Анткени, кыргыз элинин нарк-насили япон элинин "Намыс Кодекси" деп аталып, бүткүл дүйнөнү таң калтырган эрежелер жыйындысынан ашса ашат, бирок, андан эч кем эмес.
Кыргызстандын президентинин "Улуттук Нарк" тууралуу жарлыгы менен "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу деп аталган доктринасына таянуу аркылуу улуттук нарк-насилди коомчулуктун калың катмарына тынымсыз жайылтып, бул багыттагы акыл-насаат жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу көп улуттуу өлкөбүздүн ар бир жаранынын аң-сезими менен ички дүйнөсүнө таасир этүүгө болот.
Менин жеке пикиримде коомдук маданиятты калыптандыруунун эң туура жолу - бул комплекстүү ыкма. Мыйзамдын катаалдыгы менен үй-бүлөдөгү, мектептеги тарбия жана агартуу иштери айкалышканда гана коомдук маданият жогорулайт.