Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Өзүнүн наркын, тилин, тарыхын жана маданий мурасын тааныган адам гана дүйнөлүк маданият менен тең ата диалог түзө алат. Бул тууралуу филология илимдеринин кандидаты, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова “Айкөлдүк – жалпы адамзаттык өнүгүүнүн заманбап модели” аттуу III эл аралык руханий форумда билдирди.
Анын айтымында, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун философиясы улуттук тамыр менен дүйнөлүк ой жүгүртүүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталат.
“Демек, улуттук өзгөчөлүк менен жалпы адамзаттык баалуулуктар бири-бирине карама-каршы эмес, тескерисинче, бири-бирин толуктаган түшүнүктөр. Ушул көз караштан алганда, айкөлдүк – улуттук мурас менен гана чектелбестен, адамзатты боорукерликке, кең пейилдикке, ынтымакка жана жоопкерчиликке үндөгөн философиялык дөөлөт”, - деди ал.
Сулайманова белгилегендей, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу – узак, татаал жана терең процесс. Ал мамлекеттик, коомдук-саясий жана жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен бирге жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырууну жана кубаттуу мамлекетти курууну көздөйт.
“Бүгүнкү “Айкөлдүк – жалпы адамзаттык өнүгүүнүн заманбап модели” эл аралык руханий форуму – жалпы адамзат үчүн мазмундуу иш-чаралардын бири. Анткени XXI кылым адамзаттын келечеги тууралуу жаңыча ой жүгүртүүнү талап кылууда. Мындай шартта илим менен билимдин, руханият менен маданияттын айкалышы өзгөчө мааниге ээ”, - деди министрдин орун басары.
Ал илим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачса, билим ошол мүмкүнчүлүктөрдү адамзаттын өнүгүүсүнө жана бакубат жашоосуна багыттай турганын белгиледи. Анын пикиринде, руханий баалуулуктар илим менен технологиянын жетишкендиктерин жоопкерчилик менен пайдалануунун негизин түзөт.
Ошондой эле ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын бири адам капиталын өнүктүрүү экенин белгилеп, тарыхын жана баалуулуктарын билген, илимге жана инновацияга умтулган муунду тарбиялоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
“Ушул өңүттөн алганда, кыргыз элинин улуу мурастары, анын ичинде айкөлдүк философиясы – жаш муундун дүйнө таанымын кеңейтүүчү жана адамдык сапаттарын бекемдөөчү зор руханий ресурс”, - деди Лира Сулайманова.
Министрдин орун басары форум илимпоздордун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, маданият жана дин өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын ортосунда өз ара түшүнүшүүгө жана конструктивдүү диалогго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди.
“Айкөлдүк – өткөндүн мурасы гана эмес, келечекке багыт бере турган жашоо философиясы”, - деп Сулайманова сөзүн жыйынтыктады.