Кайыпов: Айкөлдүк — кыргыздын дүйнөгө сунуштай турган идеалдуу адам модели

Коом 17 сентябрь 2026 12:45
WhatsApp Image 2026-09-17 at 11.58.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 11.58.32.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-17 at 11.58.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 11.58.32.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Айкөлдүк — адамзатты, дүйнөнү жана ааламды сактай турган, кыргыз эли дүйнөгө сунуштай ала турган эң кымбат баалуулук жана идеалдуу адам модели. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткан “Айкөлдүк – жалпы адамзаттык өнүгүүнүн заманбап модели” аттуу III эл аралык руханий форумунда билдирди.

Анын айтымында, адамзат өнүккөн сайын өзүнүн тамырынан алыстап, адамдык сапаттардан четтөөдө. Айрыкча жасалма интеллект кеңири өнүгүп жаткан мезгилде адамзаттын өнүгүүсү жаңы чакырыктарга туш болуп, мындай шартта элдердин акылмандары түзгөн руханий жана адамдык моделдердин мааниси артууда.

“Айкөлдүк — бул жөн гана кең пейилдик эмес, идеалдуу адамдын модели. Чыңгыз Айтматов түзүп кеткен маңкурт модели тескери модель болсо, айкөл — оң, идеалдуу модель. Эгер бүткүл дүйнө маңкурт болбой, айкөл болом деп максат койсо, согуштар токтоп, адамдар адамдык сапатына кайта баштайт”, — деди ал.

Профессор кыргыз тилиндеги жана дүйнө таанымындагы айрым түшүнүктөрдүн терең маанисин башка тилдерге которууда тарылып же жөнөкөйлөштүрүлүп жатканын белгиледи.

Айкөлдүк түшүнүгүн орус тилине “великодушный” деп которуп жүргөнүн мисал келтирген окумуштуу бул котормо айкөлдүктүн маанисинин бир гана бөлүгүн камтый турганын айтты.

Ошондой эле ал нарк түшүнүгүнө кеңири токтолду. Анын айтымында, нарк салт, үрп-адат жана ырым-жырымдар аркылуу ишке ашкан терең түшүнүк.

Кайыпов форумдун эл аралык деңгээлин күчөтүп, анда айтылган идеяларды дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү зарылдыгын да белгиледи.

Окумуштуу айкөлдүк идеясын мындан ары да кыргызстандык окумуштуулар жана акылмандар терең изилдеп, адамзатка сунуштоосу маанилүү экенин белгиледи.

“Айкөлдүк — кыргыздын дүйнөгө сунуштай турган эң кымбат баалуулугу жана идеалдуу адам модели. Бул идеяны андан ары да окумуштуулар иштеп чыгып, адамзатка тартууласа, кыргыз өзүнүн тарыхый миссиясын аткарган болот”, — деди окумуштуу.