Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу мамлекеттик идеологиялык программасы бул өзүбүздүн өткөнүбүз, улуттук эс тутум менен келечекти бириктирген көпүрө сыяктуу, аң-сезимди калыптандыра турган программа. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине философия илимдеринин доктору Байас Турал билдирди.
Анын айтымында, улуттун келечегин аныктоодо анын тарыхый басып өткөн жолу жана улуттук эс тутуму маанилүү орунду ээлейт.
“Байыркы Грециянын биздин заманга чейинки VI кылымдарда жашаган улуу философу Гераклит “Өйдө кеткен жол менен ылдый кеткен жол экөө бир эле жол” деп айткан. Ошол сыяктуу эле биз эл, улут катары өзүбүздү элестетсек, улуттун деңгээлинде ой жүгүртсөк, үч миң жылдык басып өткөн жолубуз өзүбүздүн басып өткөн жолубуз. Ар бир кыргыздын басып өткөн жолу”, — деди ал.
Философ белгилегендей, өткөн тарыхты жана андагы эс тутумду терең түшүнүү келечекке карай багытты аныктоого шарт түзөт. Ал белгилегендей, тарыхты билүү өткөндү гана эске алуу эмес, келечекте кандай коомду жана кандай муунду калыптандыруу керектигин түшүнүүгө да өбөлгө түзөт.
“Биз өткөнүбүздү билбей туруп, келечекте кандай адам, кандай эл болобуз, аны эч ким айта албайт. Биз келечекте кандайдыр бир улуу максаттарды коюп, ошого жеткен эл болобуз десек, анда өзүбүздүн өткөнүбүздү биринчи билип, түшүнүп, изилдеп, аң сезимибизге сиңирип, өзүбүздү ошого карата тарбиялап, анан келечекке карай алып өтүшүбүз керек”, — деди окумуштуу.