Таза суу, "жашыл" экономика жана инновация: Ошто эл аралык форум өттү

Аймак
710315085_3859436524199518_5739509354743232968_n.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
Алдыга
Артка
710315085_3859436524199518_5739509354743232968_n.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ошто Ош технологиялык университети (ОшТУ) жана Жаштар парламенти тарабынан уюштурулган "Green future – Ош" эл аралык илимий-практикалык форуму өттү.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, депутат Данияр Төлөнов форумда сөз сүйлөп, жашыл экономиканы өнүктүрүү, мөңгүлөрдү, суу ресурстарын сактоо, абанын булганышы жана калдыктарды башкаруу сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө токтолду.

Ошондой эле Ош аймагындагы таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, абанын булганышы, калдыктарды башкаруу жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрдү белгиледи.

Муну менен катар, эл өкүлү тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдыгынын жана 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" саммитинин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, илимдин, инновациялардын, кайра жаралуучу энергиянын жана экологиялык билим берүүнүн ролуна басым жасады.

Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Өзбекстандан келген өкүлдөр, ошондой эле ОшТУ менен ОшМУнун окумуштуулары катышты.

Форумдун алкагында билим берүү жана илим тармагына салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, Анварбек Каратаев төш белги, Эрнисбек Алайчиев Ардак грамота менен сыйланды.