Агартуу министри Лондондогу эл аралык форумда баяндама жасады

Билим 2031 22 Май 2025 17:20
499704808_1130013052505771_6466414997355988123_n (1).jpg
498311660_1130013135839096_6724005539814124965_n.jpg
498386951_1130013049172438_7800175913205046760_n.jpg
Алдыга
Артка
499704808_1130013052505771_6466414997355988123_n (1).jpg
498311660_1130013135839096_6724005539814124965_n.jpg
498386951_1130013049172438_7800175913205046760_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Лондон шаарында өтүп жаткан Эл аралык билим берүү форумунун (EWF 2025) алкагында 21-майда "Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн кандай стратегияларын жана демилгелерин колдонууга мүмкүн? Билим берүү жана туруктуу өнүгүү бириккен учурда кандай кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатат?" аталышындагы сессияда баяндама жасады.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр айлана-чөйрөнү коргоодо, аны жайылтууда жана туруктуу келечекке жоопкерчиликтүү мамиле түзүү контекстинде билим берүү маанилүү роль аткарарын белгиледи.

"Туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо айрыкча жаштарды "жашыл" экономикага даярдоо, ошондой эле туруктуулукту билим берүү программаларына, мугалимдердин методикасына жана башкаруу принциптерине интеграциялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу абзел", – деди ал.

Министр Кыргызстанда билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, мектептерде экологиялык билимди тереңдетүү, жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү жана инклюзивдүү жана туруктуу окутуу ыкмаларын колдоо жана жайылтуу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.