Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясында “Айкөлдүк – жалпы адамзаттык өнүгүүнүн заманбап модели” аттуу III эл аралык руханий форум өтүүдө.
Иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, анда айкөлдүк түшүнүгүн заманбап коомдун руханий жана маданий баалуулуктарынын бири катары изилдөө, жайылтуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде колдонуу маселелери талкууланууда.
Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, форумдун негизги максаты — айкөлдүк түшүнүгүнүн улуттук өзгөчөлүгүн сактоо менен анын жалпы адамзаттык маанисин ачып, коомдук жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган руханий баалуулук катары жайылтуу.
Форум Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтымышбаев атындагы Философия институту, Стратегиялык демилгелер улуттук институту жана “Кыргыз жолу” биргелешкен руханий коому тарабынан өткөрүлүүдө.
Форумга белгилүү окумуштуулар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышууда. Илимий иш-чаранын жүрүшүндө айкөлдүк түшүнүгүнүн мазмуну жана анын коомдогу орду тууралуу пикирлер айтылууда.
Белгиленгендей, буга чейин айкөлдүк темасы негизинен көркөм чыгармаларда жана калемгерлердин эмгектеринде чагылдырылып келсе, бүгүнкү күндө аны заманбап маданиятты өнүктүрүүнүн жана коомдук баалуулуктарды бекемдөөнүн багыттарынын бири катары кароо зарылдыгы белгиленүүдө.
Форумдун катышуучулары айкөлдүк принциптерин эл аралык дипломатияда жана мамлекеттер аралык маселелерди чечүүдө методологиялык ыкма катары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн да карашууда.