Тоолорду тешип жол салуу: Кыргызстандагы ири курулуштардын тизмеси жана мөөнөттөрү

Коом Загрузка... 14 Июль 2026 18:45
5260225706921238025_g8yyIvi.2e16d0ba.format-we.width-800.png
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында бир катар стратегиялык маанидеги унаа жолдорунда реконструкциялоо жана жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени стратегиялык мааниге ээ болгон унаа жолдору өлкөнүн аймактарын бириктирип, экономика менен сооданын өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык транзиттик мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишине негиз түзүүдө. Мындай жолдор жүк жана жүргүнчү ташууну жеңилдетип, инвестицияларды тартууга жана аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө болууда. “Кабар” агенттиги стратегиялык жолдорду салуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып берет.

536246086_3523023397840834_6581153158148266388_n.jpg

Өлкө аймагында 30га жакын ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда

Өлкө боюнча 30га жакын ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан аткарылып жатат. Долбоорлордун негизги максаты өлкөнүн транспорттук байланышын жакшыртуу, эл аралык транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Аскар Эсеналиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Аскар Эсеналиев учурда стратегиялык маанидеги бир катар унаа жолдорунда курулуш, реконструкциялоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, алардын бир катарын тизмектеп өттү.

711368994_385943665.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

  • Барскоон – Бедел унаа жолу өзгөчө мааниге ээ. Жалпы узундугу 150 чакырым болгон жолдо учурда жер иштери жана туннель куруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду 2030-жылы аяктоо пландалууда.
  • Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу боюнча да иштер уланууда. Жалпы узундугу 34 чакырым болгон жолдун 10,8 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштери аткарылып, калган бөлүктөрүндө жер иштери жана көпүрөлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Долбоор 2027-жылы аяктайт.
  • Мындан тышкары, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 0–38-чакырым аралыгы боюнча иштер жүрүп, долбоорду 2027-жылдын декабрь айында аяктоо пландалууда.
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38–143-чакырым аралыгында жер иштери жүргүзүлүүдө. Аталган долбоорду 2028-жылы бүтүрүү каралган. Каракол – Эңилчек унаа жолу Ысык-Көл облусунун транспорттук байланыштарын жакшыртууда, алыскы калктуу конуштардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жана аймактын туристтик-экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгон стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат.
  • Ысык-Көл облусунда Чолпон-Ата айланма жолун реконструкциялоо долбоору ишке ашырылууда. Узундугу 15 чакырым болгон жолдун курулушу туристтик аймактагы транспорттук каттамдарды жакшыртууга багытталган. Долбоорду 2027-жылы аяктоо пландалууда.
  • Ошондой эле Нарын – Баетов унаа жолунда курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 120 чакырым болгон жолдун 30 чакырым тилкесине асфальт төшөлүп, калган бөлүктөрүндө жер иштери аткарылууда. Долбоор 2028-жылы аяктайт.
  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Жолдун 0–141-чакырым аралыгында биринчи катмардагы асфальт төшөө иштери жүрүп, бул тилкедеги иштерди 2026-жылы аяктоо пландалууда. Ал эми 141–216-чакырым аралыгындагы курулуш иштерин 2028-жылы бүтүрүү каралган.
  • Ал эми Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун IV фазасы (104–197-чакырым аралыгы) боюнча курулуш иштери 2028-жылы аяктайт.
“Аталган долбоорлор толук аяктаганда өлкөнүн аймактарынын ортосундагы транспорттук байланыш жакшырып, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт. Ошондой эле эл аралык транзиттик каттамдарды өнүктүрүүгө, туризм тармагын колдоого жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп белгиледи ал.

Өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү сапаттуу жол инфраструктурасынан түздөн-түз көз каранды. Дал ушул стратегиялык жолдор ички жана тышкы байланыштарды чыңдап, жүк ташууларды ылдамдатып, соода, туризм жана инвестиция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып келет.

Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ болгон унаа жолдорун куруу жана жаңылоого мамлекет өзгөчө көңүл бурууда. Анткени бул жолдор экономиканын өсүшүнө, транзиттик потенциалдын кеңейишине жана региондордун өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

699171315_3834042426738928_5172623045677455489_n.jpg

Стратегиялык жолдор экономикалык, социалдык жана коопсуздук багыттарында бир катар маанилүү милдеттерди аткарат.

  • Аймактарды байланыштырат – өлкөнүн облустарын, райондорун жана калктуу конуштарын өз ара туташтырат.
  • Экономиканы өнүктүрөт – товарларды тез ташууга, соода-сатыкты жана бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт.
  • Транзиттик каттамдарды камсыздайт – эл аралык транспорттук коридорлор аркылуу башка өлкөлөр менен байланыш түзөт.
  • Туризмди өнүктүрөт – туристтик аймактарга жетүүнү жеңилдетип, туристтердин агымын көбөйтөт.
  • Коопсуздукту камсыздайт – өзгөчө кырдаалдарда куткаруу кызматтарынын жана гуманитардык жардамдын ыкчам жетүүсүнө мүмкүндүк берет.
  • Логистиканы жакшыртат – жүк жана жүргүнчү ташуулардын убактысын жана чыгымдарын кыскартат.
  • Аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт – жаңы инвестицияларды тартууга, өндүрүштү жана кызмат көрсөтүү тармагын кеңейтүүгө көмөктөшөт.
679969843_3813710552105449_5383449599645526706_n.jpg

Жол тармагы боюнча эксперт Талант Садакбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, стратегиялык жолдорду куруу — бул жөн гана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү кадам болуп саналат. Сапаттуу жолдор өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аймактарга инвестиция тартууга жана жаңы иш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

WhatsApp_Image_MjSoKiR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Эксперттин пикиринде, стратегиялык жолдорду өнүктүрүү Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Заманбап жол тармагы өлкөнүн коңшу мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтип, Борбор Азиядагы транспорттук көпүрө катары ролун күчөтөт.

“Стратегиялык жолдорду салууга өлкө бюджетинин эсебинен көп каражаттар каралууда. Буга байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруунун көлөмү мурдагыга салыштырмалуу кыйла эле жогорулады. Жолдор өлкөнүн кан тамырындай маанилүү кызмат кылат десек болот. Алар аркылуу аймактардын байланышы бекемделип, товарларды ташуунун убактысы кыскарат, анын эсебинен жарандардын каражаты үнөмдөлөт. Жолдорду салуу аймактарга инвестициялар тартылып, жаңы ишканаларды ачууга, жумуш орундарынын түзүүгө өбөлгө болуп берет. Өзгөчө Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөдө жол инфраструктурасын өнүктүрүү экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Биздин өлкө көңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай тарапка барчу жолдор да жаңыланып жатат. Бул эл аралык сооданы арттырууга жардам берет”, — деп белгилейт эксперт.