Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алдында мамлекеттик туу көтөрүлдү.
Салтанаттуу азем бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчысы сөзүндө мамлекеттик туу элдин сыймыгы, биримдигинин символу, мамлекеттин тарыхы жана ата-бабалардан кийинки муунга калган ыйык аманат экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы тууну кийинки муунга "өңүн оңутпай, салмагын кемитпей" өткөрүп берүү бүгүнкү муундун аракетине байланыштуу экенин айтып, биримдикти сактоого, мамлекетти бекемдөөгө жана жаштарга татыктуу тарбия менен билим берүүгө чакырды.