Эгемендүүлүк майрамы: Таласта 12 резервдик генератор даярдалды

Коом 11 сентябрь 2026 09:30
798797752_1543560710788807_6773280590303459841_n.jpg
801786200_947773327715146_7563255041569358397_n.jpg
802459183_1389750915990543_3440948670488853720_n.jpg
802565307_1716625596061488_3832255225866629603_n.jpg
802642122_944698304741272_6311751350069346375_n.jpg
802700529_1621015676166268_2627027996730318841_n.jpg
802702897_1053792387263077_6961657865806625934_n.jpg
802811151_2189001271660237_6225641203178299291_n.jpg
802989874_28559651106962831_7694257982138163465_n.jpg
803102437_1083524910732522_3094505464571257364_n.jpg
803829327_1817498939593716_6388026264812001988_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар өтүүчү объектилердин электр энергиясы менен камсыздалышынын даярдыгын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүү К. Нуржанов атындагы аллеяда, "Акылман" президенттик лицейинде, "Манас Ордо" улуттук комплексинде, "Баластан" балдар борборунда жана Талас шаарынын борбордук аянтында жүргүзүлдү.

Майрамдык иш-чараларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Талас облусунда 12 резервдик генератор даярдалды. Ошондой эле энергетиктердин ыкчам жана көчмө бригадаларынын күнү-түнү иштөөсү уюштурулду.

Майрам учурунда 200дөн ашуун адис электр тармактарынын жана жабдууларынын ишин көзөмөлдөп, кызмат өтөйт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министр майрамдык иш-чараларга тартылган бардык объектилерди электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууну тапшырды.