Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда биринчи туннелдин өтмөгү аяктады

Коом 11 сентябрь 2026 10:15
1.jpg
799201047_1046783531515016_8901730719034632864_n.jpg
802652589_4496017777375661_6824630213491872400_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
799201047_1046783531515016_8901730719034632864_n.jpg
802652589_4496017777375661_6824630213491872400_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргыз темир жолу" МИ

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линиясын куруунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү аяктады.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, бул багытта өтмөгү толук бүткөн биринчи туннель болду.

"Долбоордун алкагында жалпы 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруу каралган. Учурда 28 туннелде курулуш иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, биринчи туннелдин өтмөгүнүн аякташы долбоордун техникалык жактан татаал тилкелериндеги курулуш иштеринин алдыга жылганын көрсөтөт. Туннелдер тоолуу рельефте заманбап технологияларды жана инженердик чечимдерди колдонуу менен, коопсуздук талаптарын сактоо шартында курулууда.