Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда жана ага байланыштуу тармактарда иштей турган адистерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде алты факультеттин алкагында 31 адистик ачылды. Алардын катарында темир жол, энергетика, транспорт, тил жана мейманкана кызматтары боюнча багыттар бар.
“Темир жолдун курулушун карасаңар, биздин жарандар көбүнчө кароолчу, жүктөөчү же айдоочу болуп иштеп жатышат. Ошондуктан, барган жерлеримде элге мамлекет мага эмне кылды деп эмес, мен мамлекетке эмне кылдым деп суроо салып, балдарыңарды окуткула деп айтып жатам. Азыр ушундай адистиктер ачылды”, — деди Текебаев.
Ошондой эле ал Кытайдын Ланчжоу шаары менен кызматташуу боюнча келишим түзүлгөнүн белгиледи. Ал жактагы темир жол тармагында адистерди даярдаган жогорку окуу жайларынан окутуучуларды алып келүү жана кыргызстандык студенттерди Кытайга жөнөтүү маселеси каралууда.
Мындан тышкары, облуска келген инвесторлорго жергиликтүү жаштарды окутуп, кийин жумушка алуу талабы коюлуп жатканын кошумчалады.