Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борборунун жаңы имараты ачылды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, долбоордун жалпы баасы 18 млн сомду түзөт. Анын 5 млн сому облустук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп, 13 млн сомун "Сармат" курулуш компаниясы каржылаган.
Борбордо 50 бала күндүзгү реабилитациядан өтүп, массаж, өнүктүрүү жана өзгөчө муктаждыктарына ылайык билим берүү кызматтарын алат. Учурда райондо майыптыгы бар 248 бала бар.