Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Беларусиянын Гродно облусундагы "Лидсельмаш" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана айыл чарба тармагына керектүү заманбап техникаларды жана жабдууларды чыгарат. Продукциясынын 60 пайыздан ашыгы дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнө экспорттолот.
Таанышуу учурунда завод чыгарган техникаларды Жалал-Абад облусуна жеткирүү, аларды жергиликтүү дыйкан-фермерлердин ишинде колдонуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тилек Текебаев айыл чарбасына заманбап техникаларды жана технологияларды киргизүү тармактын натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү экенин белгилеп, ишкана менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.