Кыргызстан темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жүк ташууну жеңилдетүүгө жана коңшу өлкөлөр менен транспорттук байланышты бекемдөөгө аракет кылууда. Бул багытта Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өзгөчө орунду ээлейт. Ошол эле учурда өлкөнүн ички темир жол каттамдарын өнүктүрүү иштери да уланууда. Келечекте алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып, жүктөрдү натыйжалуу ташууга шарт түзүшү керек.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Ал Кытай менен Борбор Азиянын транспорттук байланышын чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ. Долбоор үч мамлекеттин башчыларынын катышуусунда “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.
Темир жолдун жалпы узундугу 525 чакырымды түзүп, анын 304 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Каттам Кытайдын Кашкар шаарынан башталып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстандын аймагы менен Жалал-Абад багытында өтүп, андан ары Өзбекстандын Анжиян шаарына чыгат.

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагындагы тилкеде убактылуу жолдорду жана электр менен камсыздоо объектилерин куруу аяктады. Учурда жалпы узундугу 104 чакырымга жакын 29 туннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат. Алардын биринде казуу иштери аяктаган. Ошондой эле пландалган 50 көпүрөнүн 47синде тийиштүү иштер аткарылууда.
Аталган компаниянын директорунун орун басары Улан Кулов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдиргендей, жыл аягына чейин курулуш иштеринин 22 пайызын аткаруу пландалууда. Ал эми 2026-жылга белгиленген көрсөткүчтөрдү 110 пайызга чейин жеткирип, аны пландан ашыруу көздөлүүдө.
Курулуш иштерине 10 миңден ашык адам жана 7 миңге жакын атайын техника тартылган.

“Ошол эле учурда темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоо иштери да активдүү жүрүүдө. Тогуз-Торо районунда, Манас шаарында жана Сузак районунда кесиптик окутуу боюнча үч базалык борбор түзүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин 1,8 миңден ашык кыргызстандык окуудан өтүп, жарандык курулуш, курулуш техникасын башкаруу жана металл конструкцияларын монтаждоо багытындагы негизги кесиптерди өздөштүрүштү”, — деди Улан Кулов.
Президент Садыр Жапаров буга чейин жаңы темир жолдун курулушу Кыргызстандын эл аралык транспорттук системадагы ордун өзгөртөрүн белгилеген.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин өлкөбүз жолдогу обочолонуудан чыгып, транзиттик мамлекетке айланат. Кытай менен дүйнөнүн калган бөлүгүнүн ортосундагы маанилүү байланыш дал ушул Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт”, — деген мамлекет башчысы.
Долбоордун өзүнчө бир объектиси — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы 400 гектар аянтта курулуп жаткан “Макмал” жүк которуу станциясы. Анын долбоордук кубаттуулугу жылына 15 млн тоннага чейин оор жүктү кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Келечекте станцияга Бишкек – Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече ички темир жол линиясы кошулуп, өлкөнүн ички темир жол тармагын эл аралык магистраль менен бириктирет.
Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал: ички темир жол тармагын өнүктүрүү
Кыргызстандын темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этаптардын бири — 2026-жылдын июль айында узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор темир жол тилкесинин жана Нарын облусундагы жаңы Кочкор станциясынын ачылышы болду.
Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров поезд менен келип, станциянын инфраструктурасы менен таанышты.

Бул тилке Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы болуп калды. Анын курулушу 2022-жылдын март айында башталды. Ал татаал шарттарда, атап айтканда саздак жана аскалуу жерлерде, Орто-Токой суу сактагычына, иштеп жаткан унаа жолдоруна жана инженердик коммуникацияларга жакын аймактарда жүргүзүлдү.
Курулуш учурунда 1 миллион куб метрге жакын жер жардырылып, тоолуу аймактын 8 чакырымдык бөлүгү тазаланды. Темир жолдун бир чакырымын курууга 955 миң доллар сарпталган. Салыштыруу үчүн айтсак, чет өлкөлүк компаниялар мындай иштердин баасын бир чакырым үчүн 4,8–6,8 миллион доллар деп эсептешкен.

“Биз темир жол куруу маданиятын, инженердик дараметибизди жана кесиптик тажрыйбабызды кайрадан жандандырдык. Бул тарыхый жетишкендик өлкөбүз ири инфраструктуралык долбоорлорду өз күчү менен ишке ашырууга жөндөмдүү экенин далилдейт”, — деп билдирди Садыр Жапаров.
Кийинки этапта темир жолду Кара-Кече көмүр кенине жана Макмал станциясына чейин улантуу пландалууда. Долбоор көмүрдү кыйла натыйжалуу ташууга, келечекте өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда темир жол байланышын түзүүгө багытталган.
Жаңы инфраструктура иш жүзүндө колдонула баштады. Октябрь айында Кочкор станциясынан көмүр биринчи жолу түздөн-түз Бишкек жылуулук электр борборуна жеткирилди. Аны жалпы жүк көтөрүмдүүлүгү 1 миң тоннага жакын 15 вагон ташыды. Көмүр 10-октябрда жүктөлүп, 11-октябрда ЖЭБге жеткирилди.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы белгилегендей, көмүрдү темир жол аркылуу ташуу унаа жолдоруна түшкөн жүктү азайтып, жүк ташуучу унаалардын санын кыскартууга жана жеткирүүнүн коопсуздугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жүк ташуунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин, анын ичинде Ысык-Көл аймагындагы экологиялык жүктү азайтуу да көздөлүүдө.
Темир жол тармагын өнүктүрүү жүк ташуунун көлөмү өсүп жаткан шартта жүрүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 11 миллион тоннага жетип, 2021-жылга салыштырмалуу 36 пайызга көбөйгөн. Ал эми жүргүнчүлөрдүн саны ушул эле мезгилде 255 миңден 432 миңге чейин өсүп, өсүү 69 пайызды түзгөн.

Ысык-Көлдү бойлото темир жол курулат
Темир жол тармагын өнүктүрүүнүн дагы бир багыты — Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолун куруу. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бул долбоордун, ошондой эле Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда.
Маршрутту тандоодо экологиялык чектөөлөргө жана туристтик объектилердин жайгашуусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган компаниянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев билдиргендей, темир жолдун багытын көл жээгинен алысыраак жерден өткөрүү пландалууда.

“Биз жолду көлдүн жээгине, пляждар жана корук аймагы жайгашкан жерлерге жакын курбайбыз. Балыкчыдан Сары-Камыш айылынын жогору жагын, тоо тарапты бойлой өтөт. Ошондой эле Тамчыдагы аэропорттун жогору жагына салабыз”, — деди Жумабаев.
Анын айтымында, адистер алдыда курула турчу темир жолдун маршруту боюнча ишти улантып, турак үйлөрдүн, эс алуу жайларынын, инвестициялык тилкелердин жана коргоого алынган жаратылыш аймактарынын жайгашуусун эске алууда.
Ал белгилегендей, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда поезддердин эсептик ылдамдыгы саатына 140 чакырымды, ал эми каралып жаткан ички темир жол долбоорлорунда саатына 110 чакырымды түзөт.
Транспорттук коридорлор өлкөнүн экономикасын өзгөртө алат
Жаңы транспорттук коридорлорду куруу — бул жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, Кыргызстандын экономикасын түп-тамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү стратегиялык багыт. Бул тууралуу экономикалык саясат боюнча эксперт Бахтияр Игамбердиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, долбоорлорду ишке ашыруу эки багытта натыйжа берет. Биринчиден, транзиттик ташуулар жана курулуш иштери аркылуу ички дүң продукциянын көлөмү өсөт. Экинчиден, экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңейип, өлкөнүн транспорттук обочолонуусу азаят.

“Эл аралык каржы институттарынын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн эсептөөлөрүнө ылайык, бул долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошот. Дүйнөлүк банктын Ортоңку коридор боюнча болжолуна ылайык, Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүү Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүн кошумча 4,83 пайызга көбөйтүшү мүмкүн. Бул акчалай эсептегенде болжол менен 735 миллион долларды түзөт. Өкмөттүн максаты — жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү аркылуу 2030-жылга чейин транспорт тармагынын ИДПдагы үлүшүн үч эсеге арттырып, 1,5 миллиард долларга жеткирүү. Мындан тышкары, инфраструктурага салынган инвестициялар аны менен байланышкан тармактардын өнүгүшүнө да чоң түрткү берет. Атап айтканда, курулуш тармагындагы өндүрүштүн көлөмү 27,3 пайызга өсөрү күтүлүүдө”, — деди эксперт.
Ал экспортко тийгизген таасир транзиттик ташуулар менен гана чектелбей турганын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорлор логистиканын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.
“Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча, экспорттун көлөмү 1,53 пайызга же 70 миллион долларга көбөйүшү күтүлүүдө. Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши биринчи кезекте Казакстанга, Түркияга жана Өзбекстанга товар жеткирүүнүн көбөйүшү менен байланыштуу. Негизги долбоор — Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Ал өлкөнүн транспорттук обочолонуусун азайтып, маанилүү транзиттик мамлекетке айлануусуна шарт түзөт”, — деди Бахтияр Игамбердиев.
Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан багыты боюнча түз транзиттик ташуулардан жылына 200–300 миллион доллар киреше түшөт. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров келечектеги транзиттик кирешелерди “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн кирешеге салыштырып, бул долбоорду өлкө үчүн “экинчи Кумтөр” деп атаган.

Мындан тышкары, экономист транспорттук коридорлорду башка өлкөлөрдүн жүктөрүн гана өткөрүү үчүн эмес, жаңы каттамдардын боюнда ата мекендик өндүрүштү, логистиканы жана экспортту өнүктүрүү үчүн да пайдалануу зарылдыгына көңүл бурду.
“Экспорт менен катар импорттун көлөмү да 7,82 пайызга же 1,09 миллиард долларга көбөйөрү болжолдонууда. Дүйнөлүк банктын талдоочулары муну транспорттук чыгымдардын азайышы жана өнөр жайды, инфраструктураны өнүктүрүүгө керектүү жабдууларга суроо-талаптын өсүшү менен түшүндүрүшөт. Бул транспорттук коридорлор товарларды сыртка ташууга гана эмес, ички экономиканы жаңылоого да түрткү берерин билдирет.
Бул болжолдор конкреттүү долбоорлорго негизделген. Алардын ичинен негизгиси — 4,7 миллиард долларлык инвестиция каралган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Аны ишке ашыруу Кытайдан Европага чейинки жолду дээрлик бир жумага кыскартат.
Ошондой эле ТРАСЕКА багыты боюнча Ортоңку коридорду өнүктүрүү ИДПнын көлөмүн 735 миллион долларга көбөйтүүгө өбөлгө түзө турган негизги фактор катары каралууда. Ички инфраструктураны өнүктүрүү алкагында “Торугарт”, “Эркечтам” жана башка өткөрмө бекеттерди жаңылоо, логистикалык борборлорду куруу иштери да жүргүзүлүүдө. 2030-жылга чейин алардын аянтын 10 эсеге көбөйтүү пландалууда.
Жыйынтыктап айтканда, транспорттук коридорлордун курулушу Кыргызстанды тышкы факторлорго көз каранды өлкөдөн Евразиянын логистикалык системасындагы маанилүү түйүнгө айланта алат. Бул ИДПнын өсүшүнө, экспорттун кеңейишине жана туруктуу транзиттик кирешелердин түшүшүнө шарт түзөт. Бирок негизги милдет — жолдорду куруу менен гана чектелбестен, аларды ата мекендик өндүрүштү жана чийки затка байланышпаган экспортту өнүктүрүүгө натыйжалуу пайдалануу”, — деп белгиледи экономист Бахтияр Игамбердиев.

Кыргызстандагы темир жол долбоорлору ар кандай баскычта турат. Балыкчы – Кочкор тилкеси пайдаланууга берилсе, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө. Ал эми Ысык-Көлдү бойлой өтүүчү каттамды кошкондо, жаңы ички темир жол багыттары долбоорлоо баскычында.
Келечекте ички темир жол тармагын эл аралык каттамдар менен бириктирүү көмүрдү жана башка жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, ата мекендик продукцияны тышкы рынокторго чыгарууну жеңилдетет. Ошондой эле өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн арттырат.
Бирок бул долбоорлордун узак мөөнөттүү натыйжасы темир жолдорду жана станцияларды куруу менен гана чектелбейт. Логистикалык борборлорду өнүктүрүү, адистерди даярдоо жана жаңы каттамдарды ата мекендик өндүрүштүн, экспорттун жана жалпы эле өлкө экономикасынын кызыкчылыгына иштетүү үчүн шарт түзүү да маанилүү.