Кыргызстан аймактагы транспорттук-логистикалык хабга айланат

Президент
Кыргызстан аймактагы транспорттук-логистикалык хабга айланат
copyright icon ЖИ

Бишкек, 21.10.26 /Кабар/. Географиялык жактан обочо жайгашкан аймактарыбызда жол каттамы барган сайын жакшырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмеде айтты.

Мамлекет башчысы аймактар арасында адамдардын каттоосун, жүктөрдүн ташылуусун камсыз кыла турган өлкөнүн экономикалык жана аймактык бүтүндүгүнүн негизги шарты бирдиктүү транспорттук аймак болуп саналарын белгиледи.

"Транспорт тармагыбыз эл аралык коридорлор жана башка мамлекеттердин рыноктору менен интеграцияланып, өлкөбүздү толук кандуу региондук хабга айлантат. Бул максатта Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча долбоорлор толук ишке ашырылат. Балыкчы шаары "Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата" жана "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" багыттарынын темир жол түйүнүнө айланат. Ал эми "Макмал" станциясы ички жана эл аралык каттамдарды байланыштырган негизги түйүн болот. Биз калкты жана бизнести ишенимдүү жана сапаттуу коммуналдык инфратүзүм менен камсыз кылабыз. Эскирген тармактарды модернизациялоону аяктоо, тазалоочу курулмаларды куруу жана бардык калктуу конуштарда инженердик инфратүзүмдү кеңейтүү – булар артыкчылыктуу багыттарыбыз болот", - деди президент.