Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоорунун алкагында курулуп жаткан №1 "Урумбаш" туннелинин 209 метри курулуп бүттү. Бул жалпы долбоордук көлөмдүн болжол менен 24 пайызын түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине объектке жооптуу Юй Ян билдирди.
Анын айтымында, туннелдин курулушун келерки жылдын аягында аяктоо пландалууда.
"Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКсынын маалыматына ылайык, туннелдин эң терең жери болжол менен 95 метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 896,75 метр болгон эки жолдуу темир жол туннели курулат.
Учурда туннелди казуу жана тоо тектерин иштетүү иштери 189 метрге аткарылып, бул долбоордук көлөмдүн 21 пайызын түзөт. Кайтарым күмбөздү орнотуу иштери 154 метрге, башкача айтканда 17 пайызга, ал эми экинчи катмардагы каптоо иштери 117 метрге, же 13 пайызга аткарылды.