Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда көпүрөнүн курулушу уланууда

Аймак 25 Август 2026 11:00
IMG_20260824_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260824_1_36VJu1i.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260824_1_HPFVJT9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260824_1_KlzGO3m.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260824_1_R33xYSo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260824_1_vZkAzXw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөсүнүн негизги эки тирөөчүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине 9-тилкенин директорунун орун басары Шин Хайдун билдирди.

Анын айтымында, алардын бийиктиги 56 жана 52 метрди түзөт. Учурда Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөнүн эки негизги тирөөчү курулуп бүттү.

"Эки негизги тирөөчтүн курулушу аяктагандан кийин калган тирөөчтөрдү жана аны менен катар көпүрөнүн өзүн куруу башталат. Көпүрөнүн курулушун келерки жылдын сентябрь айларында аяктоо пландалууда", - деди ал.

"Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКсынын маалыматына ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 504 метрди түзөт.

Долбоордо балласттык жол үчүн алдын ала чыңалган темир-бетондон жасалган үзгүлтүксүз рамалык аралыгы каралган.