ТИМдин акыркы жылдардагы ири реформалары – Жээнбек Кулубаев менен маек

Маек Загрузка... 24 Июнь 2026 15:40
2 (2).jpeg

Өлкөбүздө Элдик Курултай институту түптөлгөндөн бери ал чет өлкөлөрдөгү мекендештердин үнүн мекенине жеткирген негизги аянтчага айланды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Ошону менен бирге акыркы жылдары Тышкы иштер министрлиги тарабынан консулдук кызматтарды санариптештирүү, элчиликтердин географиясын кеңейтүү жана чет жактагы кыргызстандыктардын укуктарын коргоо багытында ири, сезилерлик реформалар жасалууда. Бул багытта кандай алгылыктуу иштер аткарылды жана алдыда дагы кандай пландар бар? Маекте дал ушул маанилүү суроолорго жооп алдык.

— Жээнбек Молдоканович, биздин президентибиз Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде түптөлгөн Элдик Курултай институтунун чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз үчүн ролу тууралуу айтып бере аласызбы?

Элдик Курултай чет мамлекеттерде жашаган мекендештер үчүн өз ой-пикирлерин, сунуштарын, демилгелерин, ошондой эле көйгөйлүү маселелерин ачык жана эркин билдирүүгө, маанилүү маселелер боюнча кайрылууларын жеткирүүгө шарт түзгөн негизги жана таасирдүү талкуу аянтчасына айланды. Анын коомдук-саясий кадыр-баркы жыл өткөн сайын жогорулап, улуттук деңгээлдеги мааниси бекемделүүдө.

Курултайларда көтөрүлгөн мекендештерибиздин суроо-талаптарынан турган пландар министрлик тарабынан 80 пайыз деңгээлинде ишке ашырылып, негизги талаптар аткарылды, ал эми кайрылуулардын саны жыл сайын азайып жатат.

1098820194_0_175_2730_1711_1920x0_80_0_0_14f313c28c6859ee690d68d68f992226

Ошол себептен бул иш-чарага катышууга кызыкдар болгон чет өлкөлөрдөгү коомдук уюмдардын саны жана географиясы жыл сайын өсүүдө.

Эгер I Элдик Курултайга 9 мамлекеттен делегаттар катышкан болсо, II жана III Элдик Курултайларга 10 мамлекеттен, ал эми IV Элдик Курултайга 14 мамлекеттен делегаттар келген. Бул көрсөткүчтөр чет өлкөлөрдөгү мекендештердин өлкө турмушуна болгон кызыгуусунун жана жоопкерчилигинин өсүп жатканын айгинелейт.

Курултайдын делегаттары тарабынан өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү сунуштар көтөрүлүп келет. Алардын ичинде чек ара жана аймактык маселелер, Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоо, дипломатиялык байланыштарды кеңейтүү, консулдук катышуусун арттыруу, чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, инвестицияларды тартуу, экспорт менен туризмди өнүктүрүү, ошондой эле диаспоралар менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо багыттары бар.

— Акыркы жылдары Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарына көрсөтүлүүчү консулдук кызматтарды жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө? Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кандайча кеңейди?

Кыргыз Республикасынын өкмөтү акыркы жылдары чет жакта жүргөн жарандарыбыздын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында бир топ алгылыктуу иштерди аткарды. Кыргыз Республикасы дипломатиялык алакаларды арттыруу жана консулдук катышуусун кеңейтүү максатында, өлкө тарыхында биринчи жолу Африка континентинде — Эфиопияда Кыргыз Республикасынын элчилигин ачты. Андан сырткары акыркы жылдары Санкт-Петербург жана Казань шаарларында, ошондой эле буга чейин Анталия жана Чикагодо КРнын Башкы консулдуктары ишке киргизилип, бүгүнкү күндө активдүү иш алып барууда. Акыркы жылдары Хорватия, Бельгия, Италия, Индия, Түркия, Япония, Непал жана Корея мамлекеттеринде Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдарынын кеңселери ачылды. Ал эми 2026–2030-жылдары Худжанд, Андижан, Сочи, Каир, Оттава, Джидда, Варшава, Стокгольм шаарларында дипломатиялык жана консулдук мекемелерди ачуу пландалууда.

604993bb2d8f6_730x0.730x0

Акыркы жылдары министрлик өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында санариптик технологияларды активдүү түрдө киргизип келет. Чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарды санариптештирүүнүн негизги багыттары болуп ири масштабдагы IT-долбоорлорду ишке ашыруу жана заманбап маалыматтык системаларды киргизүү саналат. Бул багытта консулдук чөйрөдөгү актуалдуу маалыматтардин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле консулдук кызматтардын айрым түрлөрүн аралыктан көрсөтүүгө мүмкүндүк берген "Электрондук консул" маалыматтык системасынын ишке киргизилишин өзгөчка белгилеп кетким келет.

1040184524_0_131_3064_1855_1920x0_80_0_0_83ef1368851719dc9ceb9dcc68e3ad82 (1)

Учурда КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 13 автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен консулдук кызматтардын 30дан ашык түрүн көрсөтүүдө. Алар жарандардын улуттук паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн тариздөөнү, визаларды жана Кыргызстанга кайтып келүү күбөлүктөрүн берүүнү, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону, жарандык маселелерин кароону, нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү, социалдык мааниге ээ маалымкаттарды талап кылууну, консулдук эсепке коюуну, Мекен-карталарды берүүнү жана башка кызматтарды камтыйт.

Консулдук кызматтарды санариптештирүү документтерди иштеп чыгуу процесстерин оптималдаштырууга гана эмес, алардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү жыл сайын кеңейип, аларды тариздөө мөөнөттөрү ырааттуу түрдө кыскарууда.

— Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарыиын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Тышкы иштер министрлиги кандай иштерди жүргүзүүдө?

Элдик Курултайдын делегаттары менен кездешкен учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси ар дайым көтөрүлүп келет, ошол себептен биз чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча маселелерди өтө кылдаттык менен ишке ашырып жатабыз.

Россиянын аймагында 502 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүргөндүктөн, мекендештерибиздин укуктук абалы, алардын жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, көйгөйлүү маселелерди чечүү багыттары Россия тарап менен туруктуу негизде талкууланып келет. Бул иштин натыйжасында Кыргызстандын жарандарына 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Россияда укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилген. Жыйынтыгында Россиянын көзөмөлдөгү адамдардын реестринде кыргызстандыктардын саны 123 миң адамга кыскарды.

1075903162_0_324_3064_2048_1920x0_80_0_0_062dcbc78ccf12bb6400123f8f243e2b.jpg

Араб багыты боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюлду (документ 2025-жылдын 14-майында күчүнө кирген). Эми жарандарыбыз кошумча окуудан өтпөстөн жана сынак тапшырбастан, өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн БАЭнин айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыра алышат. Ушундай эле келишимдерге Монголия жана Беларусь Республикасы менен дагы кол коюлду.

Түндүк-Чыгыш Сириядан КР жарандарын репатриациялоо боюнча "Айкөл" гуманитардык миссиясынын 5 жана 6-этабы ишке ашырылды. Анын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын 121 жараны (36 аял, 85 бала) мекенге кайтарылды. Жалпысынан, 2023–2024-жылдар аралыгында Сириядан 454 кыргызстандык, анын ичинде 317 бала жана 137 аял репатриацияланды.

2026-жылдын башында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Катар аймактарында жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн төрт эвакуациялык авиарейс уюштурулуп, 592 жаран мекенине кайтарылды.

1094855042_0_211_3072_1939_1920x0_80_0_0_8545365051530ec581ae512bf3cb3a17

2025-жылдын 5-февралында президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында КРнын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууга жана ошондой эле анын аткарылышы боюнча Административдик макулдашууга кол коюлду. Бул документтерге кол коюу эки өлкөнүн жарандарына социалдык камсыздандыруу тармагында бирдей укуктарды камсыз кылууга багытталган.

Азыркы убакытта Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууларды 20дан ашуун чет мамлекет менен түзүү маселеси боюнча КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери КРнын министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондуна саясий-дипломатиялык көмөгүн көрсөтүп келет. Тактап айтканда, тийиштүү жолугушуулар өткөрүлүп, каттар чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын кароосуна жөнөтүлдү.

Өлкө башчыбыздын тапшырмасынын аткарылышынын алкагында 2025-жылы Россиядан которулган соттолгон кыргызстандыктардын саны боюнча бул багыттагы иш мезгилинин ичинде эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишилген. Натыйжада 2025-жылы Кыргызстанга 237 кыргызстандык которулду, алардын ичинде 232 жаран Россиядан, 4 жаран Казакстандан, 1 жаран Кытайдан. 2024–2025-жылдары Россиядан 350 жаран которулду.

1081055644_0_209_3267_2047_1920x0_80_0_0_c31f7afc4d62f10dcd43177791cc75d9

Ал эми, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө ыкчам чараларды көрүү максатында 2024-жылдын декабрь айында WhatsApp, Facebook, Instagram, Telegram социалдык платформалары жана электрондук почта аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алуу боюнча Консулдук департаменттин алдындагы Борбор ишмердүүлүгүн баштаган. Бир жарым жылдык мезгилдин ичинде Борбор тарабынан жарандардын 250 миңден ашуун оозеки кайрылуулары каралып чыкты.

2023-жылдан бери консулдук маселелер боюнча Тышкы иштер министрликтери аралык консультациялар 13 өлкө менен өткөрүлүп, алардын алкагында жарандарыбыздын укуктук абалдарын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңири маселелер талкууланган.

2025-жылы документтештирүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча 820 961 консулдук кызмат жана консулдук аракеттер көрсөтүлдү.

— Кыргызстандын бай маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер жана кыргыз диаспоралары менен байланышты чыңдоо багытында Тышкы иштер министрлиги тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат жана бул жаатта кандай жыйынтыктарга жетишилди?

Кыргыз Республикасы маданий дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, улуттук маданиятты, тарыхты жана руханий баалуулуктарды дүйнөлүк коомчулукка жайылтуу боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп келет.

2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү Казакстан, Түркия, Катар, Азербайжан, Өзбекстан, Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү уюштурулду. Бул иш-чаралар кыргыз элинин бай маданий мурасын таанытуу менен гана чектелбестен, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, элдердин өз ара түшүнүшүүсүн тереңдетүүгө жана маданий кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түздү.

1033939910_0_0_3840_2160_1920x0_80_0_0_7dcfa7539dbc95da0f00d9533ea09d7d

Кыргызстандын оң эл аралык имиджин илгерилетүүгө 2024-жылдын октябрь айында Италиянын Рим шаарында "Кыргызстан" паркынын ачылышын, ал салтанатта мамлекет башчынын катышуусу менен Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышын жана 2025-жылдын февраль айында Пекин тил жана маданият университетинде, ошондой эле Рим шаарынын "Вилла Грациоли" паркында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин орнотулушун белгилөөгө болот.

Ал эми КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан коомдук кыргыз бирикмелери менен активдүү өз ара аракеттенүү жана айрым маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүү аркылуу конструктивдүү диалог түзүлгөн.

2021-жылдан баштап министрлик КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте "Кыргыз жараны" деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн жана Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияларын, ошондой эле "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин биримдигин жана ынтымагын чыңдоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында белгилүү кыргыз мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, маданият ишмерлеринин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган, ошондой эле мамлекеттик майрамдарга карата көптөгөн маданий жана коомдук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Мисалы, 2025-жылдын ичинде аталган концепцияларды ишке ашыруунун алкагында КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан 614 иш-чара жүзөгө ашырылды.

Ал эми чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды жана алардын балдарын онлайн түрүндө билим берүү, кыргыз тилине жана маданиятына үйрөтүү максатында жигердүү иш алып барылууда. Азыркы учурда КРнын Агартуу министрлиги ишке киргизген "Тунгуч" онлайн мектеби тууралуу маалымат КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан жайылтылууда.

1074119679_0_320_3071_2047_1920x0_80_0_0_c0d6473440175ce5ab4db80024c52ded

Мындан тышкары мекендештер үчүн онлайн кыргыз тили курстарын уюштуруу максатында президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан иштелип чыккан онлайн-платформалар ("Айтил", "Кыргызча оңой" / "Easy Kyrgyz", Document.gov.kg, "Кыргызтест" мобилдик платформасы) жана атайын даярдалган кыргыз тилиндеги контенттер (б.а. кыргыз тилинин жазуу эрежелери жана тыныш белгилери боюнча инфографикалык жана видеосабактар, "Кыргыздын жазуу тарыхы" аталышындагы видеотасмалар, заманбап стилде тартылган кыскача роликтер, кыргызча мультфильмдер жана котормолор, "Акыл таймаш" рубрикасы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жаңсоо тили ж.б.) жайылтылууда.

Министрликтин демилгесинин негизинде А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана бөлүп берген "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору, Калыгул олуя, Ормон хан, Т. Усубалиев, Т. Сатылганов, кыргыз мамлекетинин тарыхы, кыргыз тилинин тарыхы, кыргыз элинин каада-салттары, кыргыздардын макал-лакап, учкул сөздөрү боюнча китептер, CD-дисктер, DVD-дисктер кээ бир Башкы консулдуктарга жөнөтүлүп, балдар тарабынан колдонулууда.

Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүктөр тарабынан кыргыз адабиятын, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, ошондой эле аларды чет өлкөлүк билим берүү жана маданий мекемелерге жеткирүү боюнча иштер улантылууда.