Эгемендүүлүктүн 35 жылдык жолу: Кыргызстан кандай өнүктү?

Маек 11 сентябрь 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-11 at 06.05.48.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-11 at 06.05.48.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ”Кабар” агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары өнүгүүсүндөгү жана калыптануусундагы маанилүү этаптар тууралуу айтып берди. Эгемендиктин 35 жылдыгы белгиленип жаткан күндөрү саясатчы 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын басып өткөн жолуна түздөн-түз таасир эткен негизги окуяларды эске салды.

Сиздин оюңузча, 35 жылдык эгемендик мезгилинде Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшү үчүн кайсы окуялар тарыхый мааниге ээ болду? Бул аралыкта өлкөбүз ар кандай толкундоолорду жана кризистерди башынан өткөрдү, бирок Кыргызстан мамлекет катары сакталып калды. Сиз ушул жылдар аралыгында саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары саясий процесстердин ичинде болдуңуз. Кыргызстандын калыптануу процесси кандай жүрдү?

— Чындыгында, өлкөбүздүн тагдыры, анын калыптанышы саясатчы жана дипломат катары менин ишмердүүлүгүм менен тыгыз байланышта.

Советтер союзу Россия, Украина жана Беларустун жетекчилери тарабынан Беловеж токоюнда таркатылганда, биз, мындайча айтканда, бир күндө эле көз карандысыз болуп ойгондук. Ачыгын айтсам, калктын басымдуу бөлүгү жана саясий элита үчүн бул чыныгы сокку болду.

Бул тагдырдын белеги эле, бирок алгач аны кантип туура пайдаланууну билген эмеспиз. Митингдер өтүп, ар кандай пикирлер айтылып, коомдо талаш-тартыштар жүрдү. Бирок толук маанисинде эгемендүү мамлекет болуу үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө чындап ойлонгондор аз эле.

Баса белгилеп кетким келет, мен тарыхты кайра жазууга каршымын, биз анын бардык этаптарына калыс баа беришибиз керек. Эгемендүүлүккө чейин, Советтер союзунун курамында болгон мезгил да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп саналат. Бизде башкаруу институттары, инфраструктура, айыл чарба, билим берүү системасы болгон. Жаратылыш ресурстарын өздөштүрдүк, өлкөнү электрлештирдик, маданиятыбызды, каада-салтыбызды жана эне тилибизди сактап калдык.

Эгер Советтер союзунун курамында жашаган кыргыздардын турмуш деңгээлин Кытай, Түркия, Пакистан жана Афганистандагы кыргыздардын жашоо шарты менен объективдүү салыштырып көрсөк, СССРдеги кыргыз элинин өнүгүү деңгээли кыйла жогору болгонун моюнга албай коё албайбыз. Саясат таануучулар мындай изилдөөлөрдү бир нече жолу жүргүзүшкөн жана алардын тыянактары бир жактуу.

35 жылдык жолубузга артка кылчайып карасам, мен бул мезгилди үч этапка бөлмөкмүн. Биринчиси — президенттин шайланышы. Экинчиси — 2005-жылдагы революциялык окуялар. Үчүнчүсү — 2020-жылы башталган экономиканын калыптанышы жана мамлекеттин бекемделиши.

Эми ирети менен айтып берейин. 1990-жылы эле, Советтер союзу расмий түрдө жашап турган учурда, мындайча айтканда, ”эгемендүүлүктөр парады” башталган. Казакстан жана Өзбекстанда президенттер шайланып, кезек биздин республикага да келди.

Биринчи турда партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов жана Жумгалбек Аманбаевдер талапкер катары көрсөтүлүшкөн, бирок алардын эч кимиси керектүү добуштарды ала алган эмес. Кайра өткөрүлгөн шайлоодо Аскар Акаевдин талапкерлиги пайда болду. Өлкөнүн келечеги менен байланыштырылган, чоң үмүт жараткан окумуштуу, Илимдер академиясынын жетекчиси Кыргызстандын биринчи президенти болуп шайланды.

Бул эркиндиктин, көз карандысыздыктын эйфориясы өкүм сүргөн мезгил эле. Бирок ал көпкө созулган жок. Экономика тең салмактуулугун жоготуп, менчиктештирүү процессинде өнөр жайдын жана айыл чарбасынын көп бөлүгүнөн ажырадык, мурдагы эл аралык байланыштар үзүлдү. Эгемендүү мамлекет катары мамилелерди кайрадан түзүүгө туура келди жана бул оңой болгон жок. Кээ бир учурларда интуицияга таянсак, айрым учурда сырттан берилген кеңештерге таяндык.

Бирок менин көз карашымда, эң негизгиси — 1991-жылдан 2000-жылга чейин тышкы саясатта республиканын абалына терс таасир эте турган олуттуу катачылыктарга жол берилген жок.

Бул мезгилде Түркия, Европа өлкөлөрү, Япония, Түштүк Корея, албетте, Россия жана Кытай менен мамилелер активдүү өнүктү. Бул мамлекеттердин жетекчилери жана делегациялары өлкөбүзгө тез-тез келип, саясий маселелер, коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана гуманитардык жардам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушту. Жалпысынан, 2005-жылга чейин кырдаал улам өнүгүп, тажрыйба топтолуп, эгемендүүлүк бекемделип жатты.

Эсиңиздерде болсо, ал кезде Кыргызстанды ”демократиянын аралчасы“ деп аташчу, программалык билдирүүлөр айтылчу. Бирок, тилекке каршы, көп нерсе кагаз жүзүндөгү ураан бойдон калды.

Эл колдон келишинче күн көрүп жатты: өзүнөн-өзү пайда болгон базарлар, базарларда соода кылган дарыгерлер, илимдин докторлору жана кандидаттары — экономикалык абал да, коомдук маанай да оор болчу. Коом өзгөрүүлөргө муктаж экени сезилип турган. Бул 2005-жылдагы массалык нааразылык акцияларына алып келди. Анын жыйынтыгында Аскар Акаев президенттик кызматынан жана өлкөдөн кетти.

Экинчи этапты мен мындайча мүнөздөйт элем: бул окуялардан кийин эл коомдун саясий процесстерге жана бийликтин алмашуусуна таасир этүүгө жөндөмдүү экенин тереңирээк түшүндү.

Коомубуздун активдүү калыптануу процесси башталды. Эгемендүүлүк деген эмне экенин, экономика өзүнөн-өзү иштеп кетпей турганын, келечекти куруу жана түзүү керектигин тереңирээк түшүнүү калыптанды. Коомдун дүйнө таанымы, эл аралык мамилелер жана ички саясат жаатындагы жетилгендиги өстү.

Бийлик коомдун талаптарына жооп бербей калганда революциялык толкундоолор болуп турду. 2010-жылдагы экинчи төңкөрүш да саясатта жана экономикада кризистик көрүнүштөргө алып келди. Ушундай эле окуялар 2020-жылы дагы кайталанды. Ошол мезгилде өлкөнү башкаргандардын баары улуттук лидер катары өздөрүн толук кандуу көрсөтө алышкан жок. Ага чейин COVID-19 пандемиясы болуп, бул ошол кездеги бардык элиталар үчүн олуттуу сыноо, иш жүзүндө ийгиликсиздик болду.

2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин жаңы саясий элита калыптанды. Менин оюмча, азыркы жетекчилик мурункулардын каталарын түшүндү. Көзгө көрүнгөн, сезилерлик жыйынтыктар керек экендиги боюнча түшүнүк пайда болду. Жарандар өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү түшүнүп, аны өздөрү да сезиши маанилүү.

Үчүнчү этапты биз азыр баштан кечирип жатабыз. Бул — экономикалык өнүгүү жана мамлекетти бекемдөө мезгили. Кыргызстан өнүгүүнүн активдүү баскычында турат. Биз, мындайча айтканда, экинчи демге ээ болуп, өзүбүздүн жолубузду таптык.

— Эксперттер жана саясатчылар акыркы беш жылда мамлекетти бекемдөө жана өнүктүрүү багытында буга чейинки 30 жылда жасалгандан да көп иш аткарылганын айтып келишет. Эгер азыркы жетишкендиктерге жана өткөн тарыхка объективдүү көз чаптырсак, сиз кандай баа бересиз?

— Азыркы бийликтин бир катар маанилүү жетишкендиктерин белгилеп кетсем болот.

Биринчиден, бул — коопсуздук маселеси. Мамлекеттин жашоосу жана ар бир жарандын бакубаттуулугу өлкөнүн ичиндеги жана тышкы чөйрөдөгү туруктуулукка көз каранды экенин баарыбыз түшүнөбүз. Кыргызстан коңшулук мамилелердин духунда Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аранын талаштуу тилкелерине байланышкан бардык маселелерди жөнгө салып, мамлекеттик чек ара сызыгын аныктады. Эми ал талаш-тартыштын жана чыр-чатактардын предмети болбой калды. Бул саясий диалогдун коңшулук жана достук нукта жанданышына гана эмес, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө да түрткү берди.

Дүйнөлүк коомчулук көп жылдар бою Фергана өрөөнүндөгү кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып, бул аймакта чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн экенин айтып келген. Бирок, Кудайга шүгүр, биздин президенттер Худжандда бул маселени чечип, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюшту.

Экинчиден, өлкө жетекчилиги Кыргызстанда ар кандай формада, анын ичинде мамлекеттик жана башкаруу түзүмдөрүндө да орун алып келген криминалдан арылтты. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөштөгү жеңишти танууга болбойт. Анткени бир кезде криминал системалуу мүнөзгө ээ болуп, иш жүзүндө бийликтин бутактарынын бири катары кабыл алынган. Бүгүнкү күндө биз криминалдын жеңилгенин көрүп жатабыз.

— Биз өлкө үчүн ылайыктуу саясий системаны көпкө чейин таба албай келдик. Адегенде суперпрезиденттик башкаруу формасы, андан кийин аралаш система колдонулду, кийин парламенттик республика түзүүгө аракеттер жасалды. Азыр түзүлгөн бийликти башкаруу системасы өлкө үчүн ылайыктуубу? Же баары бир көп нерсе мамлекет башчысынын жеке сапаттарына байланыштуубу?

— Баарын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Биздин көз алдыбызда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Айланабыздагы дээрлик бардык нерсе өнүгүп, кайра түзүлүүдө. Өлкөбүзгө инвестициялар келип, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргызстан ишенимдүү жана олуттуу кадамдар менен алдыга жылып жатат. Бардык эл аралык өнөктөштөр менен мамиле туура жолго коюлуп, республикага олуттуу көлөмдө инвестиция тартылууда.

Башкаруу формасы тууралуу көпкө чейин талашса болот. Бирок биз конкреттүү жыйынтыкты көрүп жатабыз жана ага мамлекет башчысынын лидерлик сапаттары да олуттуу деңгээлде өбөлгө түздү. Садыр Жапаров коомдогу маанайга кылдат баам салып, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономиканы жакшыртууга, өлкөнүн аброюн бекемдөөгө жана мыйзамдуулукту орнотууга умтулган жетекчи катары өзүн көрсөттү. Биз муну көрүп, мурдагы абал менен азыркы жагдайдын айырмасын байкап жатабыз.

— Азыр Кыргызстан экономикалык жактан бекемделди, социалдык тармак өнүгүп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда, шаарлардын келбети өзгөрүп, өзгөчө Бишкек шаарынын көрүнүшү кыйла жаңыланууда. Жакында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар өттү. Бул дагы жетишкендиктердин жыйынтыгы десек болобу?

я— Мындан тышкары, дипломатиябыздын чоң ийгилиги, Кыргызстанды эл аралык мамилелерди чыңдоодо олуттуу мамлекет катары таануунун бир көрүнүшү — өлкөбүздүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы болду. Бул биздин мамлекеттин тышкы саясаты, саясий жетекчилиги жана жалпы кыргыз эли үчүн республиканын дүйнөлүк аренадагы позициясы олуттуу бекемделгенинин дагы бир далили.

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин жолугушуусу өтүп, анда Кытай, Россия, Индия сыяктуу дүйнөдөгү ири державалардын лидерлери чогулду. Бул, аша чаппай айтканда, дүйнөлүк саясаттагы маанилүү окуялардын бири болду. Биз бул иш-чараны абдан татыктуу өткөрдүк, бардык нерсе жогорку деңгээлде уюштурулду.

Көчмөндөр оюндары да мыкты деңгээлде өттү. Биз дүйнөгө тарыхыбызды, маданиятыбызды, салт-санаабызды көрсөттүк. Кыргызстандын жарандары жүзгө жакын өлкөдөн келген чет элдик конокторду чыныгы меймандостук менен кабыл алганы өзгөчө таасир калтырды.

Бул биздин эл жөнүндө көп нерсени айтып турат. Биздин келечегибиз бар. Биздин мүнөзүбүзгө меймандостук, адамгерчилик жана ачык-айкындык мүнөздүү. Биз дүйнөгө улуу мекендешибиз — гуманист жана ойчул Чыңгыз Айтматовду, анын маанисин жоготпогон чыгармаларын жана философиялык ойлорун дагы бир ирет эске салдык.

Мындай иш-чаралар көп болду жана алардын баары адамдардын эсинде сөзсүз калат деп ишенем. Көчмөндөрдүн маданияты анын канчалык күчтүү, терең жана руханий баалуулуктарга бай экенин көрсөттү. Бул кыргызстандыктар үчүн гана эмес, дүйнө эли үчүн да маанилүү.

Ошондуктан өз тарыхыбызга, түпкү тамырыбызга кайрылып, дүйнөгө адилеттүүлүк принциптерин көрсөтүп жатканыбыз абдан маанилүү. Келечекке үмүт менен карашыбыз керек.

Сөзүмдүн соңунда ар бир кыргызстандыкты Эгемендүүлүк күнү менен куттуктагым келет. Бул — биз үчүн эң башкы майрам. Баарыңыздарга тынчтык жана бакубатчылык, ал эми өлкөбүзгө туруктуулук жана өнүгүү каалайм!