Кыргызстан дүйнөлүк саясатчылардын расмий жана бейрасмий дипломатиялык мейкиндигине айланды. Эл аралык чыңалуу күчөгөн учурда Азиянын чок ортосундагы биздин мамлекет ортомчусуз сүйлөшүү, позицияларды тактоо жана экинчи тараптын ниетин түшүнүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө. Жалпы жыйындар маанилүү, бирок көптөгөн конкреттүү жана сезимтал маселелер дал ушул эки тараптуу жолугушууларда чечилет. Мындай пикирин саясат таануучу Асель Өмүракунова "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Саясат таануучу ШКУга төрагалык кылуу биз үчүн тышкы саясаттагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү фактор экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандай чакан мамлекет ири державаларга өз эркин таңуулай албайт. Бирок маанилүү темаларды сунуштап, күн тартибин түзүүгө катышат, жолугушууларды уюштуруп, компромисстерди табууга көмөк көрсөтөт. Дипломатиялык аянтча болуунун маңызы дал ушунда.
– Асель айым, бүгүн Бишкекке дүйнөлүк саясий, геосаясий жана экономикалык күн тартибине таасир эткен мамлекеттердин, анын ичинде өзөктүк жана аскердик державалардын башчылары келүүдө. АКШ да өзүнүн ишенимдүү өкүлдөрүн жөнөттү. Геосаясий көз караштары бири-бириникинен кескин айырмаланган өлкөлөрдүн жетекчилеринин бир эле убакта Кыргызстанга чогулуп келиши эмнени билдирет?
– Албетте, бул күндөрү Бишкек бир нече дипломатиялык багыттар кесилишкен борборго айланууда. ШКУ саммити коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика, технологиялар жана эл аралык саясат талкууланган расмий сүйлөшүү аянтчасын түзөт. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданий жана бейформал баарлашууга ыңгайлуу чөйрөнү сунуштайт.
Ошол эле учурда бул форматтарды бири-биринен ажыратып кароо керек. АКШнын мамлекеттик делегациясы ШКУ саммитине эмес, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келди. Бирок геосаясий багыттары ар башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Бишкекте бир мезгилде болушу Кыргызстан Чыгышка да, Батышка да эшигин жаппастан, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтөт.
– Мамлекеттер ШКУ саммитине катышуудан эмне алышат? Алардын максаттары жана кызыкчылыктары эмнеде?
– Биринчи кезекте алар бири-бири менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эл аралык чыңалуу күчөгөн учурда ортомчусуз сүйлөшүү, позицияларды тактоо жана экинчи тараптын ниетин түшүнүү мүмкүнчүлүгүнүн өзү саясий ресурска айланат. Жалпы жыйындар маанилүү, бирок көптөгөн конкреттүү жана сезимтал маселелер дал ушул эки тараптуу жолугушууларда чечилет.
Мамлекеттердин кызыкчылыктары ар башка. Кытай үчүн Борбор Азиядагы туруктуулук, транспорттук каттамдардын коопсуздугу жана сооданы кеңейтүү маанилүү. Россия үчүн ШКУ Евразиядагы диалогдун жана коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн негизги форматтарынын бири. Индия Борбор Азиядагы катышуусун күчөтүүгө жана стратегиялык өз алдынчалыгын сактоого умтулат. Пакистан регионалдык байланыштарды өнүктүрүүгө жана Афганистандын айланасындагы кырдаалга кызыкдар. Борбор Азия мамлекеттери үчүн инвестициялар, транспорттук коридорлор, энергетикалык, азык-түлүк жана суу коопсуздугу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.
ШКУнун күчү пикир келишпестиктердин жоктугунда эмес. Алар бар жана кээде олуттуу мүнөзгө ээ. Уюмдун мааниси ар башка мамлекеттерди бир үстөлдүн тегерегинде кармап турганында. ШКУ аскердик блок эмес, анын чечимдери консенсус жолу менен кабыл алынат. Ошондуктан катышуучулар баарына ылайыктуу формулировкаларды жана орток позицияларды издөөгө аргасыз. Азыркы эл аралык кырдаалда мунун өзү маанилүү натыйжа.
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кандай дипломатиялык функция аткарат?
– Көчмөндөр оюндары маданий жана коомдук дипломатиянын инструменти болуп саналат. Саммитте мамлекеттер улуттук кызыкчылыктардын, документтердин жана келишимдердин тили менен сүйлөшөт. Ал эми Көчмөндөр оюндарында алар Кыргызстандын маданияты, тарыхы жана салт-санаасы менен таанышат. Бул мамлекеттер аралык мамилелерге ишенимдүү атмосфера түзөт.
Имидждик жактан алганда бул абдан күчтүү ресурс. Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн маданий кодун сунуштайт: улуттук ат оюндары, музыка, кол өнөрчүлүк, боз үйлөр, меймандостук салттары. Мындай иш-чаралардан тартылган көз жоосун алган сүрөттөр менен таасирдүү видеолор көп учурда расмий документтерге караганда тезирээк тарап, өлкө тууралуу туруктуу элес калыптандырат.
Ошондуктан ШКУ саммити менен Көчмөндөр оюндары бири-бирин толуктап турат. Бир формат саясий чечимдерди кабыл алууга багытталса, экинчиси "жумшак күчтүн" инструменти катары иштеп, мамиле түзүүгө ыңгайлуу чөйрө жаратат.
– Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына кандай баа бересиз?
– Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарын анын ШКУ саммитине катышуусунан өзүнчө кароо зарыл. Бул эң жогорку деңгээлдеги өз алдынча эки тараптуу күн тартиби жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлинин көрсөткүчү.
Саясий жактан алганда бул сапар Пекин Кыргызстанды жөн гана коңшу же транзиттик мамлекет катары эмес, Борбор Азиядагы өз алдынча өнөктөш катары кабыл аларын көрсөтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тарыхый мааниге ээ документтер топтомуна кол коюлду. Алардын арасында Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларация, ошондой эле транспорт, соода, чек ара кызматташтыгы, илим, технологиялар, айыл чарба жана гуманитардык кызматташтык жаатындагы документтер бар.
Сапардын экономикалык мааниси биринчи кезекте инфраструктура жана аймактык байланыштар менен байланыштуу. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, жаңы өткөрмө пункттары жана чек ара инфраструктурасы өлкөнүн экономикалык географиясын өзгөртүүгө жөндөмдүү. Бирок Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы өлкөбүздүн жүк өтүүчү аймакка гана айланып калбашында. Бизге жаңы жумуш орундар, логистиканы жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ата мекендик бизнестин катышуусу, технологияларды өздөштүрүү жана Кытай рыногуна экспортту кеңейтүү зарыл.
Имидждик жактан дүйнөдөгү эң таасирдүү лидерлердин биринин Кыргызстанга келиши өлкөбүздүн туруктуу, ачык жана ишенимдүү мамлекет катары кабыл алынышын күчөтөт. Ошол эле учурда бул сапарга акыркы бааны кол коюлган документтердин ишке ашырылышы жана алардын Кыргызстандын экономикасына жана жарандарына алып келген реалдуу пайдасы берет.
– Россиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги программасы да абдан кеңири экен. Мындай жыш сүйлөшүү графиги эмнеден кабар берет?
– Бул чындыгында, дипломатиялык марафон. Эки күндүн ичинде Владимир Путиндин Кытай, Индия, Казакстан, Иран, Тажикстан, Түркия, Монголия, Армения жана Кыргызстандын лидерлери менен тогуз эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Сүйлөшүүлөр КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуудан башталып, бул серия Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү аркылуу жыйынтыкталат.
Мындай график Россия Бишкекти ШКУнун жалпы жыйыны өтүүчү жер катары гана эмес, ири сүйлөшүүлөрдүн маанилүү дипломатиялык түйүнү катары да карап жатканын көрсөтөт. Москва кыска убакыттын ичинде Евразиядагы негизги мамлекеттер менен мамилелерди талкуулап, коопсуздук, энергетика, соода жана эл аралык саясат боюнча позицияларды тактоого мүмкүнчүлүк алат.
Кыргызстан үчүн бул жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө жана мазмундуу диалог үчүн шарт түзүүгө жөндөмдүү экенибиздин дагы бир далили. Албетте, Бишкек Россия менен Кытайдын же Россия менен Индиянын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибин аныктабайт. Бирок дал Кыргызстан ошол сүйлөшүүлөр өтүп жаткан мейкиндикти камсыздайт.
Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушууларынын Садыр Жапаров менен сүйлөшүү аркылуу жыйынтыкталышы өзгөчө мааниге ээ. Бул кыргыз тарапка негизги көп тараптуу иш-чаралар аяктагандан кийин эки тараптуу күн тартибин түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. Биздин өлкө үчүн дипломатиялык аянтча макамы соода, инвестиция, энергетика, миграция, билим берүү жана өлкө жарандарынын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү башка маселелер боюнча конкреттүү чечимдерге айланышы маанилүү.
– Бул иш-чаралардан Кыргызстан өзү эмне алат? Бишкекте кабыл алынган чечимдер өлкөгө эмне бере алат?
– ШКУга төрагалык кылуу биз үчүн тышкы саясаттагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү фактор болуп саналат. Чакан мамлекет ири державаларга өз эркин таңуулай албайт. Бирок ал маанилүү темаларды сунуштай алат, күн тартибин түзүүгө катышат, жолугушууларды уюштурат жана компромисстерди табууга көмөк көрсөтөт. Дипломатиялык аянтча болуунун маңызы дал ушунда.
Кыргызстан өлкө үчүн практикалык мааниге ээ болгон маселелерди алдыга жылдырууда. Алардын арасында ШКУнун финансылык механизмдерин түзүү, автомобиль жана темир жол каттамдарын өнүктүрүү, санариптештирүү, жасалма интеллект, киберкоопсуздук, климаттык күн тартиби жана өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматташуу бар. Ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү жана Бишкекте трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун уюштуруу маселелери талкууланууда. Саммитке карата уюмдун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы да даярдалды.
Дипломатиялык ийгиликтин негизги көрсөткүчү делегациялар кеткенден кийин эмне кала турганында болот. Инвестициялык долбоорлор, транспорттук келишимдер, жаңы институттар жана туруктуу жумушчу байланыштар болушу керек. Биздин өлкө түз диалог жүргүзүү үчүн ыңгайлуу жана өз ара урматтоого негизделген мейкиндикти сунуштай алат.
Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!