Коомдук ишмер Кайры Умарова 92 жаш курагында дүйнө салды

Коом 16 сентябрь 2026 12:40
Коомдук ишмер Кайры Умарова 92 жаш курагында дүйнө салды
copyright icon www

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 92 жаш курагында мурдагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун апасы, коомдук ишмер Кайры Умарова дүйнөдөн кайтты.

Кайры Умарова 1935-жылы 4-февралда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Ал сегиз баланы — беш уул жана үч кызды тарбиялап өстүргөн. Анын артында 28 небереси жана 52 чөбөрөсү калды.

Кайры Умарова убагында Оштогу жибек комбинатында эмгектенген. Советтер союзунун маалында Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Кийинки жылдары ал өзүн үй-бүлөсүнө арнап, балдарын тарбиялап, үй чарбасы менен алектенген.

Оор жоготууга байланыштуу Кубатбек Бороновго, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, үй-бүлөнүн аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Маркумдун элеси үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталсын.

Кошумчалай кетсек, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 17-сентябрда саат 12:00дө Алай районунун Жошолу айылында өтөт.