Атамдын эмгеги бааланганы үчүн ыраазыбыз – Чубак Жалиловдун уулу

Коом 14 сентябрь 2026 12:45
Атамдын эмгеги бааланганы үчүн ыраазыбыз – Чубак Жалиловдун уулу
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды. Сыйлыкты анын уулу Абдулла Жалилов бүгүн “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун колунан алды.

Сыйлыкты кабыл алган Абдулла Жалилов бул атасынын эмгегине берилген жогорку баа экенин белгиледи.

“Бул сыйлык атамдыкы. Биз үй-бүлөбүз менен абдан ыраазы болуп, сүйүнүп жатабыз. Президент атамдын жасап кеткен эмгегин эстеп, жогорку баасын берип, мамлекеттик сыйлык менен сыйлап жатканы үчүн терең ыраазыбыз.
Атамдын эмгегин ушундай мамлекеттик сыйлык менен эң жогорку деңгээлде баалап жатканына абдан кубандык. Кыргыз элине кошкон салымын мамлекет башчысы баалап жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык”, — деди Абдулла Жалилов.

Белгилей кетсек, Чубак Жалилов 2020-жылы дүйнөдөн кайткан. Ага аталган наам диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.