Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 35 жылында экономикалык өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү - эксперт

Маек 4 сентябрь 2026 16:30
Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 35 жылында экономикалык өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү - эксперт
copyright icon WWW

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде, өлкөнүн 1991-жылдан бери басып өткөн татаал өнүгүү жолу тууралуу айтып берди. Бул экономика дээрлик нөлгө чейин түшүп кеткен, андан кийин туруксуздуктун оор баскычтарын баштан кечирген жана акыркы 5 жылда гана туруктуу өсүш жолуна түшкөн өтө татаал мезгил болду. Ал маекте өлкөгө туруктуулукка жетишүүгө жана келечекке ишенимдүү көз салууга мүмкүндүк берген негизги жана бурулуш учурларга токтолду.

— Акыркы жылдары өлкөбүз экономиканын бардык тармактарында олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Баарынан мурда, азыркы экономикалык абалыбызга чогуу баа берсек. Бүгүнкү күндө кандай деңгээлге жеттик жана келечегибиз кандай?

— Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына экономикалык жактан олуттуу секирик менен жетип келди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясы 2025-жылы 1 трлн 970 млрд сомдон ашты. Акыркы жылдары жылдык өсүш темпи 11,1 пайыздан жогору деңгээлде сакталууда. Мындай жогорку экономикалык өсүш буга чейин өлкөдө болгон эмес.

Ошондой эле 2025-жылы өнөр жай жана курулуш тармактары биринчи жолу өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарына айланганын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул реалдуу сектордун экономикадагы үлүшүн көбөйтүүгө шарт түздү.

Ошого карабастан, Кыргызстандын жетекчилиги жана өкмөтү жакында алдыга жаңы милдет койду. Ага ылайык, кийинки беш жыл ичинде ИДПнын көлөмүн 30-32 млрд долларга жеткирүү жана азыркы дүйнөлүк экономикадагы терс тенденцияларды, алардын өсүштү чектөөчү таасирин эске алуу менен жылдык экономикалык өсүштү кеминде 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу максат кылынууда.

— Азыр экономикалык жактан канчалык туруктуубуз? Өлкөбүз жетиштүү деңгээлде бекемделди, экономикабыздын өнүгүү жолу туруктуу деп айтууга болобу?

— 2021-жылдан 2025-жылга чейинки акыркы беш жыл Кыргызстан экономикасы үчүн чечүүчү мезгил болду. Бул аралыкта ИДПнын көлөмү 800 миллиард сомдон 1 трлн 976,4 млрд сомго, же 22,6 млрд долларга чейин өстү. Башкача айтканда, 2,5 эсеге көбөйдү.

Бүгүнкү күндө ИДПнын түзүмүндө базалык тармактардын үлүшү болжол менен 55 пайызды түзөт. Анын ичинен өнөр жайдын эле үлүшү 40 пайызга жакын. Ошондуктан Кыргызстан жакында эле экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк алдыңкы үчтүккө кошулду. Экономиканын туруктуулугун жогорулатууга ички каражаттардын жана карыздык каражаттардын эсебинен каржыланып жаткан ири инвестициялык долбоорлор да олуттуу салым кошууда. Мунун натыйжасында Кыргызстан ички экономикага гана эмес, жалпы аймактын эл аралык экономикалык күн тартибине да оң таасирин тийгизе баштады.

— Статистика албетте, көп нерсени айтып турат, аны менен талашуу кыйын. Бирок экономика жөн гана өсүп тим болбостон, өзгөрүп да жатат. Биз муну абдан олуттуу деңгээлде көрүп жатабыз…

— Өлкө экономикасынын өсүү көрсөткүчтөрү, албетте, таасирдүү. Бирок Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн бүгүн бул жетишсиз. Экономиканы түзүмдүк жактан кайра куруу зарыл жана бул багытта азыр активдүү иштер жүрүп жатат.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, келечектеги өсүш үчүн негизги шарттарды жана багыттарды үч топко бөлүүгө болот.

Бааларды кармап туруу саясаты.

Бүгүнкү күндө жылдык инфляция 11,7 пайыз деңгээлинде катталды. Анын негизги себептери тышкы факторлор — дүйнөлүк рыноктогу өзгөрмөлүүлүктүн айынан импорттук күйүүчү-майлоочу материалдын жана азык-түлүктүн кымбатташы, ошондой эле ресторан жана мейманкана секторун фискалдаштыруунун шартында кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын 11,1 пайызга өсүшү болду.

Катуу чаралар акча-кредиттик тобокелдиктерди чектеп, инфляцияны орто мөөнөттүү келечекте 5-7 пайыздык максаттуу алкакка алып келүүгө багытталган.

Ошол эле учурда экономиканын мүмкүнчүлүктөрү жана анын өнүгүү багыты өлкөдө түзүлгөн өсүш темптерин сактап калууга оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет. Бул дүйнөлүк рыноктогу акыркы солкулдоолордон улам келип чыккан чыңалууларга жана жаңы көйгөйлөргө карабастан мүмкүн болууда.

Инфляцияга токтоло турган болсок, 2025-жылы анын деңгээли 9 пайыздан ашкан. Үстүбүздөгү жылга карата максаттуу көрсөткүч 5,7 пайыз деп белгиленген. Бирок баалардын өсүшүн азырынча токтотуу мүмкүн болбой жаткандыктан, бул болжол кайра каралышы мүмкүн.

Буга тышкы факторлор — логистиканын кымбатташы, дүйнөлүк рынокто май, кант жана башка товарлардын баасынын өсүшү, ошондой эле ички факторлор — аба ырайынын туруксуздугу жана айдоо аянттарынын көбөйүшү таасир берүүдө.

Мегадолбоорлорду ишке ашыруу.

Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана транзиттик өлкөгө айлануу багыттары бүгүн ийгиликтүү ишке ашырылып, өзүнүн өнүгүү баскычтарынан өтүп жатат. Азыр биз өлкөнүн жана жалпы аймактын экономикасында мультипликативдик таасир жарата турган ири долбоорлорду ишке ашырууга багыт алдык.

Алардын катарында Камбар-Ата-1 ГЭСи бар. Ал энергетикалык тартыштык маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет. Учурда өлкөдө электр энергиясына болгон керектөөнүн бир бөлүгү импорттун эсебинен жабылууда. ГЭСтин жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү болжол менен 6 миң ГВт/саатты түзүп, өлкөнүн азыркы керектөөсүнүн 40 пайызын жабат.

Дагы бир ири долбоор — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Ал өлкөнү туюк абалдан чыгарып, транзиттик борборго айландырууга мүмкүндүк берет. Долбоордун баасы 4,7 миллиард долларды түзөт. Ал Чыгыштан Батышка жүк жеткирүү убактысын бир жумага кыскартууга шарт түзөт. 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн 15 млн тоннага жеткирүү жана транспорт тармагынын ИДПдагы үлүшүн үч эсеге көбөйтүү максатталууда.

Өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсү үчүн инвестициялык жана финансылык шарттардын туруктуулугу.

Бул багытта мисалы, мамлекеттик бюджеттин көлөмү бир нече эсеге өскөнүн белгилөөгө болот. Натыйжада өлкө тышкы жардамга өтө көз каранды болбостон, ири улуттук долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк алды. Буга мамлекеттик башкаруунун бардык негизги тармактарын, анын ичинде биринчи кезекте каржы жана салык системасын камтыган санариптештирүү саясаты да өбөлгө түздү.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдан 2026-жылдын ортосуна чейинки 5,5 жылда мамлекеттик казынага 1,2 триллион сом салык түшкөн. Бул эгемендүүлүктүн буга чейинки 30 жылында чогултулган салыктардын жалпы көлөмүнөн да ашат. Мисалы, 2025-жылы мамлекеттик бюджетке 308,4 миллиард сом салык түшүп, бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эсеге көп болгон.

— Бюджеттин киреше бөлүгү тууралуу сөз кылсак, акыркы бир нече жылдан бери олуттуу капиталдык салымдарга — социалдык тармакка жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат жумшалып жатканына карабастан, бюджет профицит менен аткарылып келет. Буга кантип жетиштик?

— Биринчи кезекте, бул базарларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү менен байланыштуу. Өлкөдөгү ири базарларда — "Дордой", "Кара-Суу", "Мадинада" жүргүзүлгөн реформалар жана "Салык төлөөчүнүн кабинети" системасынын кеңири жайылтылышы соода жайларынан салык чогултууну 64 пайызга көбөйттү.

Экинчи маанилүү кадам — "Э-патент" санариптик кызматтарын киргизүү болду. Анын жардамы менен патенттер жана камсыздандыруу полистери бир системага бириктирилип, коррупциялык тобокелдиктер жана мамлекеттик кызматкер менен бизнестин түз байланышы жоюлду.

Топтолгон каражаттар эми Кыргызстанга тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку мезгилин олуттуу кыйынчылыксыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Каржы тармагында да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Улуттук банк дүйнөлүк жана тышкы факторлордон улам баалардын өсүү тобокелдигин эске алып, катаал акча-кредиттик шарттарды сактоо саясатын жүргүзүп жатат.

Мамлекет тарабынан топтолгон каражаттар өлкөгө тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн эң жогорку мезгилин кыйынчылыксыз өтүүгө шарт түзүүдө. Ошол эле учурда жөнгө салуучу орган алардын инфляцияга тийгизген таасирин чектөө максатында банк системасындагы эркин акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары, каржы тармагын санариптештирүү сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн төлөмдөрдү кеңири санариптештирүүнүн эсебинен акча-кредиттик операциялардын чыгымдарын азайтууда олуттуу роль ойноду. Сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо боюнча жөнгө салуучунун катаал саясаты Улуттук банк эсептик ченди жогорку деңгээлде — 12 пайызда кармап турууга мүмкүндүк берди.

— Кыргызстандын финансылык туруктуулугуна дагы кандай факторлор таасир этүүдө?

— Өлкөнүн финансылык туруктуулугун жогорулатууда жакында гана каржы рыногунда толук кандуу өнүгө баштаган — мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу аркылуу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн капитал тартуу процесси чоң роль ойноду. 2025-жылдын май айында Кыргызстан эл аралык капитал рыногунда биринчи жолу 700 млн доллар көлөмүндө, жүгүртүү мөөнөтү 5 жыл жана жылдык чени 7,75 пайыз болгон эгемендүү еврооблигацияларды жайгаштырды.

Еврооблигацияларды чыгаруу өлкөнүн эл аралык каржы рынокторундагы аброюн бекемдөө жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болду.

Облигацияларды жайгаштыруу Лондондогу аянтчада жүргүзүлүп, эл аралык инвесторлордун кызыгуусу эмиссиянын көлөмүнөн дээрлик үч эсеге ашты. Бул эл аралык инвесторлордун Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугуна жана көрсөткүчтөрүнө болгон ишенимин көрсөттү. Ошондуктан чет элдик инвесторлордун капиталын тартуу өкмөттүн ата мекендик баалуу кагаздарды дүйнөлүк каржы аянтчаларына интеграциялоо жана капитал рыногу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүсүнө шарт түзөт.

Ошондой эле министрлер кабинети жана Кыргыз фондулук биржасы өлкө жарандары үчүн мамлекеттик баалуу кагаздардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Бир баалуу кагаздын номиналдык наркы жеткиликтүү деңгээлде — 100 сомдон баштап белгиленген. Аларды ата мекендик мобилдик тиркемелер жана соода аянтчалары аркылуу сатып алууга болот. Жогоруда айтылгандардын баары Кыргызстан эгемендүүлүктүн 35 жылында татаал жана окуяларга бай өнүгүү жолун басып өткөнүн далилдейт. Ошол эле учурда өлкө бул жолду ийгиликтүү басып өттү.

Бүгүн Кыргызстан өзүнүн ырааттуу өнүгүүсүн улантып, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн жаңы, амбициялуу жана келечектүү багыттарына даярданып жатат.