Геосаясий кырдаал тез өзгөрүп жаткан шартта Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзүп, өзүнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарына таянуу аркылуу өнөктөштөрү менен мамилесин тең салмакта кармоого аракет кылууда. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат, профессор Кубанычбек Чекиров ШКУнун өлкө башчыларынын Бишкек саммитинде кол коюлган документтер боюнча “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
— Сиз буга чейинки маектерде ШКУнун Бишкек саммитинде негизги болгон соода-экономикалык кызматташтык менен бирге жасалма интеллект жана санарип технологиялардын таасири да каралат деген ойду айттыңыз эле. Алар бүгүн кол коюлган документтердин арасынан орун алдыбы?
— ШКУ саммитинде мамлекеттер аралык мамилелердин келечеги, дүйнөлүк экономиканын өсүшү жана соода-экономикалык кызматташтык негизги маселелердин бири болду. Мен буга чейин жасалма интеллект жана санарип технологиялардын таасири да каралат дедим эле. Мына бүгүн ШКУга мүчө мамлекеттер санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздук тармактарында кызматташууга макулдашты. Эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча 2026–2028-жылдарга карата кызматташуу планы жана маалыматтарды иштетүүчү жана эсептөөчү аймактык борборлорду түзүү концепциясы жактырылды.
Ошондой эле документтердин өзүнчө топтому айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине арналган. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана ШКУнун "жашыл технологиялар коридорун" өнүктүрүү боюнча пландар кабыл алынды.
Ал эми транспорт тармагында уюмга мүчө мамлекеттерде портторду жана логистикалык борборлорду 2026–2030-жылдарга карата өнүктүрүү планы бекитилди. Экономиканын өсүшү жана ШКУга мүчө үч мамлекет арасындагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы Кыргызстандын геосаясий маанисин арттырууда. Темир жол Кыргызстан үчүн жаңы, альтернативдүү транспорттук жол ачып, экономикага чоң салым кошот. Кыргызстан үчүн бул — дүйнөлүк океанга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү маанилүү фактор.
Мындан тышкары, кылмыштуулукка жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду. Кабыл алынган ушул жана башка келишимдер албетте, ШКУ өлкөлөрү жана Кыргызстан үчүн иштейт.
— Ошондой эле уюмдун саммитинде өзгөчө көңүл бурулушу керек болгон терроризм, наркотрафик, коопсуздук сыяктуу маселелер боюнча айттыңыз эле. Сиз күткөндөй болдубу?
— Саммитте кол коюлган бир катар документтер коопсуздук маселелерине арналган экен. Атап айтканда, ШКУнун Коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борборунун жана анын Баңгизаттарга каршы күрөшүү борборунун ишин жөнгө салуучу жоболор бекитилди. Ошондой эле баңгиликке жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышына каршы күрөшүү боюнча 2030-жылга чейинки программалар кабыл алынды. Бул келишимдер ШКУнун баштапкы коопсуздук боюнча милдеттери болуп саналат.
— Ал эми ШКУ өлкөлөрүнүн саммити Кыргызстанда өтүп жатканы биздин мамлекетке эмне берет деп ойлойсуз?
— ШКУ бүгүн курамын кеңейтип, дүйнөлүк маанидеги ири уюмга айланды. Географиялык масштабы да кеңейди. ШКУ өзүнчө уюм катары дагы башка абройлуу эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен кызуу кызматташып жатат. Уюмга кирген мамлекеттер дүйнө калкынын жарымынан көбүн, планетанын аймагынын олуттуу бөлүгүн түзүп, дүйнөлүк ИДПнын 25 пайыздан ашыгын камсыздайт.
Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуулар, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар дүйнөлүк экономикага таасир этүүдө. Кыргызстан да бул процесстерден четте калбайт. Мындай шартта ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтык өзгөчө маанилүү.
Уюм ичиндеги айрым мамлекеттер арасындагы татаал мамиледеги өлкөлөрдүн диалог жүргүзүшү ШКУнун маанисин дагы арттырат. Кыргызстан үчүн бул — тышкы саясаттагы позициясын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк.
ШКУнун 25 жылдык мааракелик саммитинин Бишкекте өтүшү Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү жана өлкө тарыхындагы чоң окуя. Жыйырмадан ашык мамлекеттин лидерлеринин келиши өлкөнүн тышкы саясаттагы кадыр-баркынын өсүп жатканын көрсөтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын экономикасы да жаңы баскычка көтөрүлүп жаткан учурга туш келди. Өлкөнүн ИДПсы 23 млрд доллардан ашып, акыркы жылдары экономикалык өсүш 10–11 пайыздын тегерегинде болууда. Алдыда ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү максаты коюлган.
Мурда Кытай жана Казакстан менен чек ара маселесин чечсек, акыркы жылдары Өзбекстан жана Тажикстан менен да бул маселеге чекит коюлду. Бул туруктуулуктун негизин түздү. Экономиканын өсүшү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы өлкөнүн геосаясий маанисин арттырууда. ШКУнун 25 жылдык саммитинин Көчмөндөр оюндары менен дал келиши да Кыргызстандын өсүп жаткан аброюн көрсөтөт.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!