Социалдык фонд пенсиялык реформанын жаңы этабы тууралуу айтты

Коом 14 сентябрь 2026 17:40
Социалдык фонд пенсиялык реформанын жаңы этабы тууралуу айтты
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Социалдык фонд 2026-жылды 13,5 млрд сом профицит менен аяктоону пландоодо. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, 2040-жылга чейин пенсиялык системада эч кандай көйгөйлөр күтүлбөйт.

"Биз 2040-жылга чейинки мезгилди эсептеп чыктык жана ага чейин эч кандай көйгөйлөр болбойт. Азыр бизде талдоо бар. Быйыл, 2026-жылы, биз 13,5 миллиард сом профицит менен аяктайбыз", - деди Бактияр Алиев.

Ал ошондой эле Пенсиялык фонддо болжол менен 40 млрд сом профицит бар экенин айтты.

Социалдык фонддун башчысынын айтымында, пенсиялык системаны реформалоонун биринчи этабы аяктаган. Бул этаптын алкагында мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну караган жоболор, ошондой эле 2007–2008-жылдары киргизилген башка жоболор жокко чыгарылды.

“Азыр биз реформанын экинчи этабын баштап жатабыз. Кандай болгон күндө да, биз толугу менен топтомо системасына өтүшүбүз керек. Учурда биз буга даярданып жатабыз жана реформанын экинчи этабын ишке ашырабыз”, - деп белгиледи ал.