Улуу Британияда туруктуу жашоо укугун алуу мөөнөтү 10 жылга узартылат

Дүйнө
Улуу Британияда туруктуу жашоо укугун алуу мөөнөтү 10 жылга узартылат
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Дүйшөмбү күнү Улуу Британиянын Ички иштер министри Шабана Махмуд иммиграция мыйзамдарын реформалоо планын жарыялады. Ага ылайык, көпчүлүк мыйзамдуу иммигранттар туруктуу жашоого арыз берүү үчүн өлкөдө кеминде он жыл жашашы керек, деп билдирди ТАСС агенттиги.

Учурдагы эреже боюнча Улуу Британиядагы иммигранттар беш жыл мыйзамдуу жашагандан кийин арыз бере алышат. Арыз канааттандырылса Британияда чексиз жашоого, иштөөгө же окууга, кандайдыр бир жөлөкпулдарды алууга жана социалдык турак жайга арыз берүүгө укуктуу болушат.

Киргизилип жаткан жаңы тартип боюнча туруктуу жашоого арыз берүү үчүн он жылдык мөөнөт киргизилет. Ал иммигранттын Улуу Британияга кошкон салымына жана анын британ коомуна интеграцияланышына жараша кыскартылышы же узартылышы мүмкүн. Алсак, 50 миң фунт стерлинг же 4419 доллардан ашык маяна алгандар Улуу Британияда беш жыл жашагандан кийин арыз бере алышат. Жылына 125 миң фунт стерлингден ашык киреше тапкандарга үч жыл жетиштүү.

Эгерде иммигрант белгилүү бир жеңилдиктерди алса же виза эрежелерин бузса, күтүү мөөнөтү жыйырма жылга чейин узартылышы мүмкүн. Ушул эле мөөнөт Улуу Британияга кайык менен келип жумуш тапкан же окууга кирген мыйзамсыз иммигранттар үчүн киргизилет. Ал эми өлкөгө мыйзамсыз келип, иштебеген же окубаган иммигранттар арыз берүү үчүн отуз жыл күтүшү керек болот.

Мындан тышкары талапкерлердин кылмыштуу иштери же британ мамлекетине карызы болбошу керек. Кеминде үч жыл салык төлөп, англис тили, британ мыйзамдары, тарыхы жана маданияты боюнча "Улуу Британиядагы жашоо" сынагынан өтүүсү зарыл.

Министр Шабана Махмуд жаңы эрежелер британ өкмөтүнө иммиграциялык жөлөк пулдардан миллиарддаган фунт стерлинг үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин билдирди. Ал эми жумушсуз үй-бүлө мүчөлөрүн жана балдарын алып келген аз айлык акы төлөнүүчү мигранттар Улуу Британияны олуттуу финансылык чыгымдарга учуратышы ыктымал.

Маалыматтарга караганда, Улуу Британиянын калкынын саны учурда 70 миллионго жакын. 2004-жылдан бери өлкөнүн калкы иммиграциянын эсебинен дээрлик 11 миллионго өскөн.