Кыргызстан менен Улуу Британия экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт

Министрлер кабинети 26 сентябрь 2026 09:40
IMG_2815.jpeg
IMG_2817.jpeg
IMG_2814.jpeg
IMG_2816.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2815.jpeg
IMG_2817.jpeg
IMG_2814.jpeg
IMG_2816.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча Соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту.

Минкаб башчысы Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы достук мамилелер жана акыркы жылдары байкалган кызматташтыктын активдешүүсүн белгилеп, жогорку деңгээлдеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Тараптар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, финансы жана билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча ишти активдештирүүгө даяр экенин билдиришти.