Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрмек Өмүралиев Италиянын Депутаттар палатасындагы "Италия – Борбор Азия" достук тобунун төрагасы Фабрицио Бензони менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-италиялык парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, парламенттик делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу жана эки өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен демилгелер тууралуу сөз болду.
Элчи италиялык компанияларды Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде гидроэнергетика тармагына катышууга чакырды.
Өз кезегинде Фабрицио Бензони парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.