Кыргызстан менен Британия кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктады

Саясат 29 сентябрь 2026 18:35
828554448_1123441796886659_3343056912723369282_n.jpg
828926131_1716044729495808_2859646748252913002_n.jpg
830243617_2105078560100455_4088015630632112776_n.jpg
825268406_2474026019748518_2031424094922748535_n.jpg
825292782_1628360228987200_2132191549673996501_n.jpg
828164532_1961274607878891_6902093633243085061_n.jpg
Алдыга
Артка
828554448_1123441796886659_3343056912723369282_n.jpg
828926131_1716044729495808_2859646748252913002_n.jpg
830243617_2105078560100455_4088015630632112776_n.jpg
825268406_2474026019748518_2031424094922748535_n.jpg
825292782_1628360228987200_2132191549673996501_n.jpg
828164532_1961274607878891_6902093633243085061_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри Лорд Вернон Кокер менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу байланыштардын динамикасына канааттануусун билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарлардын практикасын мындан ары активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле Кыргызстанда энергетика жана логистика тармактарындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга британиялык тажрыйбаны жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды. Критикалык минералдар жаатындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Кулубаев санкцияларды мүмкүн болгон айланып өтүүгө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан практикалык иштер тууралуу британ тарапка кеңири маалымат берип, актуалдуу маалыматтарды Улуу Британиянын жетекчилигине жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды талкуулап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин алкагында биргелешип иш алып барууга кызыкдар экендигин ырасташты.