Учурда Кыргызстан энергетикалык көйгөйлөрүн чечүү жана гидроэнергетикалык потенциалын толук ишке ашыруу үчүн ГЭСтерди курууга, күн жана шамал энергиясын өнүктүрүүгө басым жасоодо. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жашыл энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү жөнөкөйлөштүрүп, инвесторлорго жеңилдиктер берилди. Министрлер кабинети 2030-жылга чейин атайын программа кабыл алды. Балыкчы менен Кеминде шамал жана күн станциялары ишке берилди. Иш жылган сайын Кыргызстандын шартына ылайык технологияларды иштеп чыгуу зарылчылыгы чыгууда. Бул милдет өлкөнүн илимий чөйрөсүнө таандык.
Жашыл энергетикага өтүү, заманбап технологияларды иштеп чыгуу, мыйзамдык базаны өркүндөтүп, инвесторлорду тартуу маселелери Кыргызстан эл аралык университетинде ШКУ өлкөлөрүнүн академиктеринин "жашыл" энергетика боюнча III форумунда талкууланды. Суроонун ШКУнун алкагында көтөрүлүп жатканы маанилүү. Уюмга мүчө өлкөлөр энергиянын кайра жаралуучу булактарынын эбегейсиз потенциалына ээ. Ошол эле убакта уюмдун бир катар мүчөлөрү жашыл энергетика боюнча дүйнөнүн алдыңкыларына кирип, учурда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр. Болгону ШКУ өлкөлөрү бул багытта бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуусу керек.
Иштин башы катары Кыргызстандагы эл аралык университетте Кытайдын каржылык көмөгү менен "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында таза энергетика жана энергияны сактоо боюнча лаборатория ачылды. Анын жанында энергияны үнөмдөө жана топтоо чөйрөсүндө алдыңкы санариптик жана интеллектуалдык технологияларды колдонуу менен кадрларды даярдоочу демонстрациялык борбор иштейт. Ошондой эле "ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечек перспективалары" аттуу илимий эмгек жарык көрдү.
"Таза энергия жана энергияны сактоо" долбоорун үч өнөктөш - Кыргызстан эл аралык университети, Улуттук илимдер академиясы жана Кытайдын Сиань Цзяотун университети ишке ашырат.
Академик Асылбек Айдаралиевдин айтымында, аталган окуу жай жашыл энергетика боюнча Кытайдын эң мыкты 10 университетинин катарына кирет. Энергетика факультетинин бир жылдык бюджети 100 млн долларды түзөт.

"Кытайдын Сиань Цзяотун университетинин энергетика факультетинде күн панелдердин дагы да жакшыртылган моделдери иштелип чыгууда. Суутек энергетикасы боюнча тажрыйбасы чоң. Таза технологиялардын көп түрү менен алектенет. Бизде да жакында университеттин Политехникалык колледжинин чатырына кубаттуулугу 200 кВт күн электр станциясы орнотулат. Салттуу эмес энергетиканын адистерин, оңдоп-түзөө боюнча, ишке киргизүү боюнча адистерди даярдай баштайбыз. Азыр ушул багытта иш алып баруудабыз. Азыр мындай кадрларды эч ким даярдай элек. Андан ары биз суутек энергетикасы менен алектене баштайбыз", - деди академик Айдаралиев.
Кытайда өндүрүлүп жаткан электр кубатынын үчтөн бир бөлүгү күн жана шамал энергетикасынан алынат. Ал эми Кыргызстандагы жалпы потенциалдын азырынча 10 пайызга жакыны гана ишке ашырылгандыктан, мамлекет энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн ири долбоорлорду ишке киргизүүдө. Гидроэнергетикалык кубаттуулукту арттыруу, чакан ГЭСтерди куруу жана күн менен шамалдан энергия алуу багытында иштер жүрүүдө.
Учурда кубаттуулугу 175 мегаватт-пик болгон "ROX Ысык-Көл" (Кызыл-Өрүк айылы) күн электр станциясынын биринчи фазасы улуттук электр тармактарына кошулду. Ал эми Балыкчыдагы туңгуч шамал электр станциясы алгачкы мегаватттарды өндүрө баштады. Долбоордун жалпы кубаттуулугу 100 МВт. Кеминдеги күн электр станциясы да иштеп жатат, кубаттуулугу 100 МВт болгон ири чордон. Дагы бир нече күн, шамал станциялары курулуп жатат.
Техника илимдеринин доктору, академик Мурат Жуматаевдин айтымында иш жылган сайын Кыргызстандын шартына ылайык технологияларды иштеп чыгууга муктаждык күчөп баратат. Учурда күн, шамалдан алынган электр кубатын топтоо жана сактоо маселеси актуалдуу.

"Балыкчыда кубаттуу шамал станциясы ишке киргизилди. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй суу менен иштеген ГЭСтердин электр кубатын топтоп, керек учурда берүү артыкчылыгы бар. Ал эми жаңы технологиядагы станцияларынын кемчилиги күн же шамал жок болсо басаңдап, электр энергиясын топтоо зарылчылыгы чыгууда. Кытайда бул иштер жолго коюлуп, гидроаккумуляция жөнгө салынган. Биз үчүн бул өтө маанилүү. Мындан сырткары жаратылыш электр станцияларын биздин шарттарга ылайык иштеп чыгуу керек. Мисалы, Ысык-Көлдө күн электр станцияларында кубатты топтоо, станциянын жалпы баасынан да кымбат чыгып кетет. Бул шарттарда аккумуляциянын башка чечимдери керек. Форумда гибриддик станцияларды куруу туурасында сөз болду. Башка да жолдор бар, мисалы, суутек технологиялары. Кыргызстандын түштүгүндө суутек алууга мүмкүнчүлүк бар. Технологиялар Кытайда иштелип чыккан, даяр. Бирок, биринчи кезекте күн жана шамал станцияларынан алынган энергияны топтоо жана сактоо иштери менен алектенүү керек", - деди Жуматаев.
Бул багыттагы иштер ШКУнун алкагында биргелешип жүргүзүлсө аймактын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана климаттык чакырыктарга биргеликте туруштук берүүгө өбөлгө түзүлөт. Ал үчүн ШКУнун мейкиндигинде энергетиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык жол картасын иштеп чыгуу керек.