Союздаштык мамилелер: Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты

Аналитика Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 19:15
WhatsApp Image 2026-07-30 at 18.33.25.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине өткөнүн көрсөттү. Мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстан тыгыз кызматташтыктагы коңшу, бир тууган эл гана эмес экономикалык олуттуу союздаштар. Азиянын борборундагы эки мамлекет бүгүн Европага жете турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун биргелешип курууда. Алдыда дагы бир алп долбоор - Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке ашыруу турат. Тараптар миллиарддаган долларлар жөнүндө сөз кыла башташты. Өзбекстандын президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү, реформаларды баса белгилеп, биздин өлкөнүн ийгиликтерине кубанганын жашырган жок.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки мамлекеттин мамилесиндеги тарыхый учур болду. Коңшулар бир катар татаал баскычтардан өтүп, мамлекеттер аралык кызматташтыктын эң жогорку деңгээлине — союздаштыкка жетишти. Атап айтканда, өлкө башчылары мындан аркы кызматташтык үчүн эң маанилүү деп эсептелген Өнөктөштүк мамилелер жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул документ кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жаңы макамын бекемдейт жана кызматташууну андан ары тереңдетүү үчүн саясий жана укуктук негиз болуп берет.

Алаканын союздаштык деңгээлге өткөрүү оңой болгон жок. Акыркы бир нече жылдын ичинде эки тарап мурда мамилелерди татаалдаштырып келген бир катар көйгөйлөрдү чече алышты. Бир нече жыл мурун эле Бишкек менен Ташкенттин күн тартибинде жабылып калган өткөрмө пункттар, чек ара боюнча талаш-тартыштар үстөмдүк кылып келген. Акыркы жылдары чек аралар аралык биргелешкен мегадолбоорлор, инвестициялык долбоорлор, Евразияга ачылып жаткан жолдор туурасында кеп салынууда.

Жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн президенттер Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүүнү макулдашты. Аны Кыргызстан менен Өзбекстандын башчылары жетектейт. Кеңеш союздаштык мамилелерди координациялоонун, стратегиялык маселелерди чечүүнүн жана жетишилген келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн негизги механизми болуп калат.

Тараптар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн күчөтүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашты. Мындан тышкары, "Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай" темир жолун куруу жана "Камбар-Ата-1 ГЭСи" сыяктуу ири аймактык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтык улантылары белгиленди.

Ошондой эле Анжиян шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылмай болду. Ал соода, туризм, логистика жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Айыл чарба, социалдык камсыздоо, маданият, туризм жана билим берүү боюнча макулдашуулар да колдоого алынды.

"Бүгүн тараптар чек ара маселелерин толугу менен чечип, чек арадагы өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйтө турган документтерге кол коюп жатышат. Бул чек ара аймактарынын тургундарына бири-бирине эркин барып, үй-бүлөлүк жана достук байланыштарды сактап, бизнес жүргүзүп, окуп жана эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Өткөрүү пункттарынын ийгиликтүү иштеши эки өлкөнүн транспорттук жана логистикалык потенциалын да жогорулатат. Азыркы биздин милдетибиз - жалпы чек ара ишеним, соода, байланыш жана биргелешкен туруктуу өнүгүү үчүн бириктирүүчү мейкиндик катары кызмат кылышын камсыз кылуу", - деди Садыр Жапаров.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды чыңдоо бүтүндөй аймактын кызыкчылыгына жооп берерин жана Борбор Азиядагы туруктуулукка өбөлгө түзөрүн айтты.

“Билесизби, акыркы 3-4 күндөн бери өзбек телеканалдарында биздин мамилелер жөнүндө көп көргөзүп жатышты. Биздин эл сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстанда болуп жаткан реформаларды жылуу кабыл алышууда. Кубанып жатышат. Эки эл ийгиликтерге жетип, бири-бирин колдоп жатканы мен үчүн жагымдуу. Тар чөйрөдөгү жолугушууда өз ара товар алмашууну 2 миллиард долларга чыгаруу жөнүндө сөз кылдык. Бирок Садыр Нургожоевич муну аз деди. Биз инвестицияларды 60 миллиондон баштаганбыз, 100 миллионго да жетчү эмес. Мен “жок” деген сөздү көп укчумун. Эми ал сөз унутулуп “бар” деген кеп пайда болду. Бул сиздин саясий эркиңиздин жыйынтыгы”, - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Борбор Азия — жаңы экономикалык реалдуулуктун очогу. Садыр Жапаровдун коңшулар менен чек араны чечүүдөн баштаган стратегиясы аймакты дүйнөлүк державалардын кызыгуусун жараткан ири транзиттик хабга айлантты. Бул туурасында экономика илимдеринин доктору, профессор Ялкун Даутов билдирди.

“Биз өзгөчө баса белгилеп айталы, президент Садыр Жапаров өлкө башына келген биринчи күндөн баштап чек аралаш мамлекеттер менен мамиле түзүүнү, мурунку мамилелерди оңдоону максат кылды. Достук мамилени бекемдөө үчүн көп иш жасады. Натыйжада Өзбекстан менен чек ара маселеси 100% чечилди. Соода, кызматташтык бекемделип жатат. Билим берүү, илим тармагындагы кызматташтык да мактоого алынарлык.
Кылым долбоору аталган "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу курулуп жатат. Эми жүктөр Кытайдан Европага түз, оңой-олтоң жетет. Он күндөп, жумалап жолдо жүрбөйт. Биздин өлкөнүн транзиттик потенциалы күчөйт, логистиканы бекемдейбиз. Чындыгында буга чейин мындай демилгелер иш жүзүнө ашырылган эмес. Анын үстүнө азыр аймактарда каттамдар жаңырып жатат, экономика өзгөрүүдө. Түштүк Корея, АКШ, Япония сымал өнүккөн мамлекеттер Борбор Азияга абдан кызыгып калышты. Мен эртеңки күндүн келечеги түздөн-түз Борбор Азияда деп эсептейм”, - деди экономика илимдеринин доктору, профессор Ялкун Даутов.

Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү жолугушуусу эки өлкөнүн экономикалык дымагын жана географиялык артыкчылыктарын биргелешип пайдаланууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат. Анын эң жаркын мисалы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун ишке ашыруу. Бул магистраль эки республиканы географиялык обочо жерден чыгарып, Кытай менен Евразиянын миллиарддаган рыногуна эң кыска жолду берип, аймакты негизги транзиттик борборга айландырат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип долбоорлоо жана каржылоо аймактагы электр энергия таңсыктыгын жаап, сугат суу маселесин чечет.