Президент Кызыл-Кыядагы консерва заводун ээсине кайтарып берүүнү тапшырды

Аймак 13 октябрь 2026 11:40
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Кыядагы муниципалитеттин карамагына өткөрүлгөн консерва заводун мурдагы ээсине кайтарып берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Заводдун ээсинин айтымында, ал ишканада 1978-жылы ачылгандан бери иштеп, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары заводду менчиктештирүү аркылуу сатып алган. Ал дыйкандар менен биргеликте ишкананы иштетип, өндүрүлгөн продукцияны Саха Республикасына жөнөтүп келген.

Анын айтымында, өткөн жылы менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында УКМК заводду жаап, мэриянын карамагына өткөрүп берген.

Маселени уккан президент ишкананы кайрадан карап чыгып, ээсине кайтарып берүүнү тапшырды.

“Бул жерде бөрк ал десе, баш алган жагдай болуп кеткен экен. Биз бир кезде менчикке өткөрүп алып, иштетпей эле кармап жаткандар жөнүндө айтканбыз. Инвестор таап, иштетели деген саясатты жүргүзүп жатабыз. Иштеп жаткан заводду алгыла деген эмеспиз.
Кайра карап чыгып, өзүнө өткөрүп бергиле. Сиз болсо заводду токтоосуз иштетиңиз. Иштеп жаткан ишканаларга тийбегиле!” — деди мамлекет башчысы.