Президент электр энергиясынын тартыштыгы качан жоюларын айтты

Аймак 13 октябрь 2026 11:20
Президент электр энергиясынын тартыштыгы качан жоюларын айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстан 2026-жылы электр энергиясына болгон муктаждыгын жабуу үчүн 4 млрд кВт·саат электр энергиясын импорттоодо. Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Россияда электр энергиясын керектөө күчөгөн маалда Кыргызстанга кошумча көлөмдө электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү чектелип калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул учурда айласыздан электр энергиясын айрым жерлерде убактылуу чектегенге туура келүүдө.

“Ошол маалда башка айла жок, электр энергиясын айрым жерлерде 1-2 саатка чектөөгө туура келет. Калган убактарда электр энергиясы 100 пайыз берилүүдө. Бул маселени 2-2,5 жылда чечип, импорттон чыгууга аракет кылабыз”, — деди президент.