Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Пенсиялар 10-октябрдан тарта жаңы өлчөмдө пенсионерлердин банктык карталарына түшө баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсия төлөнүүчү айдын 10-күнү бул жолу дем алыш күндөрүнө туш келгенине карабастан, төлөмдөр дүйшөмбүгө жылдырылган жок.
“Эртең пенсиялар почта кызматы жана банктар аркылуу төлөнө баштайт. Банктарда каражаттар пенсионерлердин жеке эсептерине которулгандыктан, акчанын түшүү убактысы айырмаланышы мүмкүн.
Ал эми почта кызматкерлери пенсияларды адаттагыдай эле белгиленген мөөнөттө жеткиришет”, — деди Жеңиш Мукамбетов.
Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 20%га көбөйтүлдү. Ошол эле учурда төмөнкү өлчөмү миң сомдон кем эмес, жогорку өлчөмү 10 миң сомдон көп эмес деп белгиленди. Ошондой эле эң аз пенсия 8800 болду.