Президент Кызыл-Кыяда мектеп көйгөйүн чечүүнү тапшырды

Аймак 12 октябрь 2026 23:45
Президент Кызыл-Кыяда мектеп көйгөйүн чечүүнү тапшырды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда аталган шаардагы мектептерде окуучулардын ашыкча жүктөмүн азайтуу жана билим берүү мекемелерин куруу маселесин тез арада карап чыгууну тиешелүү эки министрге тапшырды.

Жолугушууда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Махабат шаарда калктын саны өсүп, мектептерде жана бала бакчаларда орун жетишсиз болуп жатканын белгилеп, эки мектеп жана эки бала бакча куруу өтүнүчүн айтты.

Анын айтымында, учурда шаардын калкы 66 миңге жетти. Шаарда жалпы 13 мектеп бар, аларда 15 миң окуучу билим алат. Бирок мектептердин жалпы сыйымдуулугу 7,5 миң окуучуга гана ылайыкталгандыктан, айрым класстарда 40тан бала окуп жатат.

“Урматтуу президент, бүгүнкү күндө мамлекет үчүн жасап жаткан иштериңизге, анын ичинде агартуу жана билим берүү тармагына көрсөтүп жаткан колдооңузга терең ыраазычылык билдирем. Биздин негизги көйгөйүбүз — калктын санынын өсүшү менен мектептерде жана бала бакчаларда орун жетишсиз болуп жатканы. Ошондуктан 66 миң жарандын атынан шаарыбызга эки мектеп жана эки бала бакча куруу маселесин жакынкы аралыкта чечип берүүңүздү суранабыз”, — деди ал.

Президент Садыр Жапаров класстардагы окуучулардын санын азайтуу зарылдыгын белгилеп, Агартуу министрлигине бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында да мектептерге болгон муктаждык жогору экенин айтып, быйыл аймактардан кошумча 12 миң бала келгенин билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы да жергиликтүү тургундардын балдарынан тышкары 13 миңге жакын окуучу келген. Министр учурда Бишкекте салынып жаткан 20 мектепке карабастан, орун жетишсиздиги толук чечилбей турганын, анткени шаардагы 82 мектеп ашыкча жүктөм менен иштеп жатканын белгиледи.

Ал эми Кызыл-Кыядагы абалды тактоо үчүн электрондук күндөлүктөгү маалыматтарды, мектептердин жайгашуусун жана окуучулардын санын талдап, демографиялык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен мектеп куруу боюнча пландар иштелип чыкканын айтты.

Президент Садыр Жапаров Кызыл-Кыядагы мектептердин абалын жеринде изилдеп, жаңы билим берүү мекемелерин курууга ылайыктуу жерлерди аныктоону тапшырды.

“Кызыл-Кыя боюнча Курулуш министрлиги менен биргеликте барып көргүлө. Жерлерин карап, окуучулардын санын тез арада азайтуу боюнча чараларды көрүш керек. Бир класста 40 баланын окуганы болбойт. Республика боюнча мектептерди мүмкүнчүлүккө жараша куруп, 40 окуучу окуган класстардагы балдардын санын 20га чейин азайтууга аракет кылып жатабыз”, — деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.