Үч учактан башталган тарых: Бир кылым карыткан кыргыз авиациясынын жаңы доору

Коом 7 октябрь 2026 18:10
Үч учактан башталган тарых: Бир кылым карыткан кыргыз авиациясынын жаңы доору
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бүгүн Жарандык авиация күнү. Акыркы жылдары өлкөнүн авиация тармагында аэропортторду жаңылоо, аймактык каттамдарды калыбына келтирүү, учуулардын коопсуздугун жогорулатуу жана эл аралык талаптарга жооп берген авиациялык системаны түзүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Анын ичинде Кыргызстандын жарандык авиациясынын Европа биримдигинин учууга чектөө коюлган “кара тизмесинен” чыгарылышы тармактагы маанилүү окуялардын бири болду.

Өлкөдөгү авиациянын алгачкы кадамдары

Кыргызстандагы жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылдан башталат. Ошол жылы Бишкектин четиндеги Папеновка айылында алгачкы аэропорт түзүлүп, республикада айыл чарба иштеринде пайдаланылган үч У-2 учагы болгон. Кийин Фрунзе – Рыбачье – Пржевальск, Фрунзе – Ташкент – Алма-Ата сыяктуу аба каттамдары ачылып, өлкөнүн авиациялык тармагы кеңейген.

Ошентип, айыл чарбасына кызмат кылган үч учактан башталган кыргыз авиациясы жылдар өтүп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган, өлкөнү дүйнө менен байланыштырган маанилүү тармакка айланды.

Аймактык аэропорттор кайра иштей баштады

Эгемендүүлүктөн кийинки жылдары аймактык аэропорттордун көбүндө каттамдар токтоп, айрымдары узак убакыт пайдаланылган эмес. Буга каттамдардын экономикалык жактан натыйжасыздыгы, инфраструктуранын эскириши жана авиация тармагындагы чектөөлөр себеп болгон.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын маалыматына ылайык, 2006-жылы өлкө Европа биримдигинин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара тизмесине” киргенден кийин жеке авиакомпаниялар негизинен киреше алып келе турган багыттарга гана каттамдарды аткарып калган. Мындан улам аймактык аэропорттордун көпчүлүгүнүн иши токтогон.

Акыркы жылдары аймактык аба майдандарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар аэропорттордо каттамдар кайра жанданды.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 11 аэропорт иштейт. Алардын ичинен “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору эл аралык макамга ээ. Ал эми “Жалал-Абад”, “Раззаков”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору аймактык мааниге ээ.

Мисалы, “Нарын” аэропортунда реконструкциядан кийин үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып жатат. “Казарман” аэропортунда да калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, учурда каттамдар аткарылууда.

2024-жылы “Талас” аэропорту оңдоо иштеринен кийин кайра пайдаланууга берилсе, Баткендеги “Раззаков” аэропорту капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Аймактык аэропортторду жаңылоонун маанилүү жыйынтыктарынын бири — “Каракол” эл аралык аэропортунун инфраструктурасынын кеңейтилиши болду.

Аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылып, заманбап жарыктандыруу жана ILS инструменталдык кондуруу системалары орнотулду. Реконструкциядан кийин аэропорт тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 учагын кабыл алды.

“Жалал-Абад” аэропорту шаардын ортосунда орун алгандыктан аны көчүрүү чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө аэропорттон 15 чакырым алыстыкта Сузак районунун Багыш айыл аймагында аэропорттун курулушу уланууда. Анын жалпы аянты 381 гектарды түзөт. Ага эл аралык макам берилет.

“Манас” аэропорту жаңыланууда

Өлкөнүн башкы аба майданы болгон “Манас” эл аралык аэропортунда да масштабдуу реконструкция жүргүзүлдү.

Аэропорттун терминалдык комплекси жаңыланып, инженердик түйүндөр, жылытуу жана аба алмаштыруу системалары кайра жабдылды. Жүргүнчүлөр үчүн төрт лифт жана эки эскалатор орнотулуп, каттамдардын учуп-конуу убактысы көрсөтүлгөн узундугу 100 метрден ашкан LED-экран коюлду.

Ошондой эле аэропорттун аймагында 650 орундуу унаа токтотуучу жай курулду.

2026-жылдын тогуз айында компаниянын консолидацияланган таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү. Ушул мезгилде аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык инвестиция жумшалды

2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52% өстү, ал эми аткарылган аба каттамдары 53 пайызды түздү.

20 жылдык чектөө артта калды

Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн быйылкы жылдагы маанилүү окуялардын бири — өлкөнүн Европа биримдигинин учууга чектөө коюлган “кара тизмесинен” чыгарылышы болду.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынан соң авиация тармагын реформалоо боюнча иштер күчөтүлүп, Кыргызстан эл аралык аудиттерден өттү. Жыйынтыгында быйыл май айында өлкө “кара тизмеден” чыгарылды.

Бул чечим кыргызстандык авиакомпанияларга эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтип, коопсуздук стандарттарын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы катары бааланат.

Жаңы учактар жана жаңы каттамдар

Ошондой эле Asman Airlines авиакомпаниясы ачылып, тоолуу аймактарга учууга ылайыкталган жаңы учактар сатылып алынды. Учурда аймактык аэропортторго бул учактар үзгүлтүксүз каттап жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев авиациялык парк кеңейтилип, эки орто магистралдык жана эки турбовинттүү учак алуу каралып жатканын билдирди. Ал эми бул жаңы аба каттамдарын ачууга жана өлкөнүн авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Авиацияга кадр даярдоо

Кыргызстанда авиация адистерин даярдоо 1973-жылы Фрунзе авиациялык техникалык мектебинин түзүлүшү менен башталган. Кезинде окуу жай СССРдин 15 республикасы, ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Американын айрым өлкөлөрү үчүн авиация адистерин даярдап турган.

1994-жылы Кыргыз авиация колледжи түзүлүп, 2017-жылы анын базасында Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту түзүлгөн.

Учурда институтта миңдеген студенттер 12 багыт боюнча билим алып, учкуч, инженер, диспетчер, авиациялык менеджер жана коопсуздук боюнча адистер даярдалат.

Авиациянын техникалык базасы жаңыланууда

Кыргыз авиациясында акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөрдү Ош эл аралык аэропортунун учуулардын техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча директорунун орун басары Алишер Каримов да белгиледи.

Анын айтымында, 1994-жылдан бери аэропортто навигация тармагында иштеп келе жаткан адис катары мурдагы жана азыркы жабдуулардын айырмасы чоң.

“1994-жылы иштей баштаганда эски жабдуулар, анын ичинде лампалуу локаторлор колдонулчу. Байланыш да туруксуз болчу. Азыр болсо заманбап, санариптештирилген жабдуулар колдонулууда. Мүмкүнчүлүккө жараша жаңы технологияларды киргизип, ишенимдүү жана туруктуу байланыш камсыз кылган жабдууларды тандоого аракет кылып жатабыз”, — деди ал.

Каримовдун маалыматына караганда, учактарды конууга багыттоодо колдонулган жабдуулар да жаңыланып жатат. Бишкекте автоматташтырылган башкаруу системасын модернизациялоо иштери жүрүп, испаниялык Indra компаниясынын жабдуулары орнотулууда.

“Жабдууларды сатып алуу боюнча тендер өтүп, керектүү жабдуулар алынды. Мындан тышкары, учактын жайгашкан жери тууралуу диспетчерлерге маалымат берүүчү мультилатерациялык жаңы датчиктерди сатып алып, орнотуп жатабыз. Заманбап жабдуулар диспетчерлердин ишин кыйла жеңилдетет”, — деп белгиледи Алишер Каримов.