Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда авиадиспетчерлерди даярдоо жана алардын өзгөчө кырдаалдарда иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн заманбап авиациялык тренажер-симулятор орнотулду. Бул тууралуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Алмуратов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул өлкөдө орнотулган алгачкы машыгуу жабдуусу болуп саналат. Жабдуу эл аралык авиациялык стандарттарга жооп берип, ишкананын өз каражатына сатып алынган.
"Бул учурдагы заманбап тренажерлордун бири. Анын жардамы менен диспетчерлер күнүмдүк иш учурундагы кадимки кырдаалдардан тартып, авариялык учурларда туура чечим кабыл алууга чейинки шарттарда машыга алышат. Себеби учуу учурунда ар кандай жагдайлар жаралышы мүмкүн жана ар бир диспетчер аларга даяр болушу керек", — деди Беркут Алмуратов.
Ал белгилегендей, тренажердо учактын авариялык конуусу, шассинин иштебей калышы, өрт, катуу шамал, кар жаашы жана туман сыяктуу кырдаалдар моделдештирилет. Бул адистерге чыныгы шарттарга жакын чөйрөдө иштөөгө жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүүгө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Учурда тренажерго "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" жана "Каракол" аэропорттору киргизилгени, келечекте өлкөдөгү башка аэропортторду да кошуу пландалып жатканы маалымдалды.
Алмуратовдун маалыматына караганда, Кыргызстанда 150дөн ашык авиадиспетчер эмгектенет. Жаңы жабдуу аларды даярдоодо жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууда колдонулат. Ошондой эле тармакка жаңы келген адистер алгач тренажердо окуп, күнүмдүк учуп-конуу сценарийлерин өздөштүрүп, андан кийин татаал кырдаалдарда иштөөгө машыгышат.