Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” заманбап талаптарга жооп берген, жаштар үчүн маанилүү спорттук объект болуп калды. Бул тууралуу “Абалак Ордо” спорт федерациясы” коомдук бирикмесинин кеңешчиси Коконбай Келгенбаев “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылышында билдирди.
Анын айтымында, жаңы аренанын курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган маанилүү салымдардын бири болуп саналат.
“Арена мага аябай жакты. Жакшы салынган, заманбап талаптарга жооп берет. Азыркы жаштар үчүн жакшы саамалык деп ойлойм. Президенттин азыркы жүргүзүп жаткан багытынын алкагында ушундай арена салынып, өлкөгө чоң салым кошулууда. Мындан да жакшы нерселер жарала берсин. Өлкөбүздө тынчтык болуп, элибиз аман-эсен болсун. Билимдүү, илимдүү жаштарыбыз көбөйсүн”, — деди Келгенбаев.
Ошондой эле ал акыркы жылдары Кыргызстанда жаңы объектилердин курулуп, мурда чет өлкөлөрдөн көрүп жүргөн мүмкүнчүлүктөрдүн өлкө ичинде да пайда болуп жатканы кубандырарын белгиледи.
“Мен өзүм 70 жашка чыгып калдым. Акыркы 5-6 жылда өлкөбүздүн өнүгүп жатканына, Кудайга шүгүр, сүйүнөбүз. Мурда көп нерселерди чет мамлекеттерден көрчү элек. Азыр алардын айрымдары өз республикабызда пайда болуп жатканына кубанабыз. Президенттин жасап жаткан иштерине чоң баа беребиз. Жакшы иштерди уланта берсин, ден соолукта болсун. Мындай жакшы саамалыктар дагы көбөйө берсин”, — деди ал.