Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда эң аз пенсиянын өлчөмү 8 миң 800 сомго жеткирилип, жетпеген бөлүгү кошумча төлөнөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын минималдуу өлчөмү Улуттук статистика комитети белгилеген жашоо минимумуна жараша аныкталган. Ошондуктан пенсиясы 8 миң 800 сомго жетпеген жарандардын төлөмдөрү тиешелүү суммага чейин толукталат.
“Пенсия алып жүргөн жарандарга жетпеген сумма Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен кошулат. Ал эми 1-октябрдан тарта пенсияга чыккандардын пенсиясынын негизги бөлүгү 8 миң 800 сомго жетпей калса, базалык бөлүгү бюджеттин эсебинен толукталат”, — деди Мукамбетов.
Ал белгилегендей, пенсияларды кайра эсептөөгө үч айга 4 млрд 400 млн сом кошумча каражат жумшалат. Ал эми кийинки жылы бул максатка болжол менен 17,6 млрд сом талап кылынат.